БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын үч жаранынан арыз келип түштү

03 июля 2017

2017-жылдын 3-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1955-жылдын 27-мартында туулган, пенсионер Муратбекова Замира Абдыкеримовнадан КР БШКга арыз келип түштү.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1975-жылдын 9-июнунда туулган, убактылуу жумушсуз Энназаров Санжарбек Арзыкулович КР БШКга арыз менен кайрылды.

Жогорудагыдан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1961-жылдын 22-апрелинде туулган, «Сүймөнкул Чокморов» коомдук фондунун төрагасы Абдрахманов Сагынбек Уметалиевичтен КР БШКга арыз келип түштү.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын 3-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына:

-13 жарандан Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөтүү арызы келип түшкөн (Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов).

-2 жаран Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн (Т.Сариев - «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев – «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы).

КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү