КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган Кыргыз Республикасынын 61 жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациядан өткөрдү
02 июля 2017
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган Кыргыз Республикасынын 61 жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациядан өткөрдү.
Алардын ичинен:
- 14 телекөрсөтүү;
- 7 радио;
- 21 гезит-журнал;
- 19 интернет-басылмалар.
Учурда КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо үгүт иштерине катыша турган ЖМКлар жана интернет-басылмалардан документтерди кабыл алууну улантууда. Документтер 2017-жылдын 4-июлуна чейин кабыл алынат.
Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары эфирдик убакыттын, басылма аянттын же интернет-басылмада жарыялоо укугун төлөөнүн өлчөмү жөнүндө маалыматтарды коштомо кат менен Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2017-жылдын 4-июлуна чейин берүүгө тийиш.
Аккредитациялоо үчүн жалпыга маалымдоо каражаттар жана интернет-басылмалар билдирүү менен бирге Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди бериши керек:
- эфирдик убакыттын, басылма аянттын же интернет басылмада жарыялоо укугун төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар;
- жалпыга маалымдоо каражаттарын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде катталгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
- жеке жактын мамлекеттик каттоосу (кайра каттоосу) же жеке ишкердин мамлекеттик каттоосу (интернет-басылмалар үчүн) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- жалпыга маалымдоо каражаттын уставынын көчүрмөсү (бар болсо).
Документтер Бишкек ш., Раззаков көч. 59, 210-каб. кабыл алынат (документтерди камсыздоо бөлүмү).
Сурап билүү телефондору:
Маалыматтык бөлүм: +(996 312) 66-54-52
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү: +(996 312) 66 01 43
Документтерди камсыздоо бөлүмү: +(996 312) 62 08 23
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
