БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Ө.Т. Бабановдон арыз келип түштү
01 июля 2017
2017-жылдын 1-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1970-жылдын 20-майында туулган, Кыргыз Республикасынын депутаты Өмурбек Токтогулович Бабановдон КР БШКга арыз келип түштү.
Эске сала кетсек, 2017-жылдын 1-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына:
- 9 жарандан Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөтүү арызы келип түшкөн.
- 2 жаран Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
