Башкы Жаңылыктар КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө …

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган КРнын 41 жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациядан өткөрүү тууралуу токтом кабыл алды

30-Июн, 2017

2017-жылдын 27-июнунда КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы  үгүткө катышууну каалаган   Кыргыз Республикасынын 41 жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын  аккредитациядан өткөрүү тууралуу токтом кабыл алды.  
Алардын ичинен:
- 16 телекөрсөтүү;
- 10 радио;
- 10 гезит-журнал;
- 5 интернет-басылмалар. 
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча конституциялык Мыйзамынын” 22-беренесинин 20-пунктуна ылайык, бул маалыматтар КР Борбордук шайлоо комиссиясынын  расмий сайтына жайгаштырылат. 
Төмөндө КРнын жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары  эфирдик убакыттын, басылма аянттын же интернет-басылмада жарыялоо укугун төлөөнүн өлчөмү жөнүндө маалыматтар  БШК тарабынан аккредитациядан өткөн жалпыга маалымдоо каражаттарда жарыялоонун  шарттары көрсөтүлөт: 

1. КР БШКнын 2017-жылдын 27-июнундагы №179-токтомунун №1-тиркемесине ылайык жалпыга маалымдоо каражаттарында басма бетин, сунуш кылынган эфирдик убакыттын шарттары жана акысы жөнүндө;
2. КР БШКнын 2017-жылдын 27-июнундагы №179-токтомунун №2-тиркемесине ылайык интернет-басылмаларында сунуш кылынган жарыялоо укугунун шарттары жана акылары жөнүндө.  

Азыркы убакта КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо үгүт иштерине катыша турган ЖМКлар жана интернет-басылмалардан документтерди кабыл алууну улантууда. Документтер 2017-жылдын 4-июлуна чейин кабыл алынат. 

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы  үгүткө катышууну каалаган Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары  эфирдик убакыттын, басылма аянттын же интернет-басылмада жарыялоо укугун төлөөнүн өлчөмү жөнүндө маалыматтарды  коштомо кат менен  Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына  2017-жылдын 4-июлуна чейин берүүгө тийиш. 
Аккредитациялоо үчүн жалпыга маалымдоо каражаттар жана интернет-басылмалар билдирүү менен бирге Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди бериши керек:
-эфирдик убакыттын, басылма аянттын же интернет басылмада жарыялоо укугун төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар;
-жалпыга маалымдоо каражаттарын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде катталгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
-жеке жактын мамлекеттик каттоосу (кайра каттоосу) же жеке ишкердин мамлекеттик каттоосу (интернет-басылмалар үчүн)  жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
-жалпыга маалымдоо каражаттын уставынын көчүрмөсү (бар болсо).

Документтер Бишкек шаарындагы Раззаков, 59 көчөсүндөгү имараттын 210-кабинетинде  кабыл алынат (документтерди камсыздоо бөлүмү).

Сурап билүү  телефондору:
Маалыматтык бөлүм: +(996 312) 66-54-52
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү: +(996 312) 66 01 43
КР БШКнын документтерди камсыздоо бөлүмү:  +(996 312) 62 08 23

КР БШК аппаратынын  маалыматтык бөлүмү 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады
13-Ноя, 2026

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады

Бүгүн, 13-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктады. Алдын ала жыйынтыктар боюнча, президенттик шайлоого катышууга 11 адам талапкерлигин койду.Учурда талапкерлерди колдоо максатында шайлоочулардын электрондук кол тамгаларын чогултуу уланууда. Бул этап 2026-жылдын 8-декабрына чейин созулат. Мыйзамдарга ылайык, каттоодон өтүү үчүн ар бир талапкер кеминде 30 миң шайлоочунун кол тамгасын чогултууга тийиш.Каттоодон өтүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 13-декабрына чейин уланат. Талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жетишпеген документтерди белгиленген тартипте тапшыра алышат.Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлерди каттоо 2026-жылдын 23-декабрына чейин жүргүзүлөт.Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
12-Ноя, 2026

КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 12-ноябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Адылов Бакытбек Адыловичтин жана Сооронкулова Клара Сыргакбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.Адылов Бакытбек Адыловичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Исматуллаев Эркин Эргашходжаевич.Сооронкулова Клара Сыргакбековнанын шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Джурабаева Гульнар Курашбековна, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Суранова Перизаткан Юлдашалиевна.Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
12-Ноя, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Бүгүн, 12-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында Чүй, Базар-Коргон, Ала-Бука жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.• Чүй районунун Бурана айылдык кеңешинин депутаты Сейдекматова Айнура Орозобековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Отунчиева Нурбюбю Абдрахмановнага өткөрүлүп берилди;   • Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттары Мамануров Хасанбай Мамажанович, Юсупов Зайнобидин Абдумухтарович жана Масиров Тилек Алибаевичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Абдуллаев Ахмаджан Закиржанович, Собиржонов Бунёдбек Сотболдиевич жана  Шеркулов Исламбек Батырбековичке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;• Ала-Бука районунун Ала-Бука айылдык кеңешинин депутаты Кулбаева Зулайка Эшматовнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Ботобекова Гулина Рысбековнага өткөрүлүп берилди;   •Нарын районунун Миң-Булак айылдык кеңешинин депутаттары Мукамбетов Ишенбек Кадыракунович жана Муратбек уулу Жээнбектин ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Ыманакунов Атабек Турдакуновичке жана Талантбек уулу Арсенге өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди
12-Ноя, 2026

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 12-ноябрда “Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Орозалиев Кылыч Жанарбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, комиссиянын курамына резервден Джумагулов Каныбек Калыбекович, Зарнаева Назгуль Жакшылыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>