КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерликке өзүн өзү көрсөткөн Т.Ш. Масадыковдон арыз келип түштү
29 июня 2017
2017-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентине талапкерликке өзүн өзү көрсөткөн Кыргыз Республикасынын жараны, 1961-жылдын 29-январында туулган, “Дүйнөнүн Генералдары-Тынчтык үчүн" Эл аралык ассоциациясы" коомдук бирикмесинин эл аралык байланыштар боюнча консультанты Масадыков Таалатбек Шамудиновичтен арыз келип түштү.
Эске сала кетсек, 2017-жылдын 29-июнуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына:
-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөткөн Кыргыз Республикасынын 9 жаранына арыз келип түшкөн.
-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өз талапкерлерин көрсөткөн 2 саясий партиянын чечим келип түшкөн.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
