КР БШКга КР Президенти кызматына талапкерликке өзүн өзү көрсөткөн, убактылуу жумушсуз Турсунбай Бакир уулунан арыз жана КР Президенти кызматына талапкер катары Б.Э. Төрөбаевди көрсөткөн “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын чечими келип түштү

29 июня 2017

2017-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерликке өзүн өзү көрсөткөн Кыргыз Республикасынын жараны, 1958-жылдын 17-мартында туулган Турсунбай Бакир уулу арыз менен кайрылган.

Ошондой эле, 2017-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерликке Б.Э. Төрөбаевди көрсөткөн ”Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын чечими келип түшкөн.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын 29-июнуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына:

-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү көрсөткөн Кыргыз Республикасынын 8 жаранынан;

-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өздөрүнүн талапкерлерин көрсөткөн 2 саясий партиядан чечим түшкөн.

КР БШК аппаратынын маалымат кызматы