КР БШКга КР Президенти кызматына талапкерликке өзүн өзү көрсөткөн, убактылуу жумушсуз Турсунбай Бакир уулунан арыз жана КР Президенти кызматына талапкер катары Б.Э. Төрөбаевди көрсөткөн “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын чечими келип түштү
29 июня 2017
2017-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерликке өзүн өзү көрсөткөн Кыргыз Республикасынын жараны, 1958-жылдын 17-мартында туулган Турсунбай Бакир уулу арыз менен кайрылган.
Ошондой эле, 2017-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерликке Б.Э. Төрөбаевди көрсөткөн ”Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын чечими келип түшкөн.
Эске сала кетсек, 2017-жылдын 29-июнуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына:
-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү көрсөткөн Кыргыз Республикасынын 8 жаранынан;
-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өздөрүнүн талапкерлерин көрсөткөн 2 саясий партиядан чечим түшкөн.
КР БШК аппаратынын маалымат кызматы