Башкы Жаңылыктар 2010-жылдын 10-октябрында шайлоо күнү КР БШК мүчөлөрүнүн түз …

2010-жылдын 10-октябрында шайлоо күнү КР БШК мүчөлөрүнүн түз эфирге чыгуу ГРАФИГИ

10-Окт, 2010

7:00 – 8:00 Кыргыз Республикасынын бардык региондорунда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн участкалардын ачылышы жөнүндө маалыматтар. Республиканын региондору жана анын чектеринен тышкары добуш берүү үчүн участкалардын жана катталган шайлоочулардын санын чагылдырган таблица түрүндөгү “Шайлоо” МАСтын шайлоо участкаларынын ачылышы жөнүндө маалыматтары.  Добуш берүү үчүн түзүлгөн участкалардын саат алкактарын эске алып убакыттагы айырманы көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкаркы мамлекеттер жөнүндө маалымат. БӨУлардан байкоочулардын, эл аралык байкоочулардын саны жөнүндө маалыматтар  

9:00    15 мүнөттүк маалымат - А.А Сариевдин чыгып сүйлөгөн сөзү,  кыргыз жана орус тилдерде.

 

10:00 «Шайлоо» МАС маалыматтары боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн алгачкы маалыматтары жөнүндө маалыматтар.

 

12:00 Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча добуш берүүнүн жүрүшү жөнүндө КР БШКнын мүчөлөрүнүн баяндамалары менен маалымат.

 

14:00 «Шайлоо»  МАС маалыматтары боюнча республика боюнча добуш берүүнүн жүрүшү жөнүндө КР БШКнын мүчөлөрүнүн баяндамалары менен орус жана кыргыз тилдеринде 20 мүнөттүк маалымат.

 

16:00 Даттануулар жана арыздар жөнүндө КР БШК мүчөлөрүнүн баяндамалары менен маалымат 

 

18:00 «Шайлоо» МАС жана КР ИИМ маалыматтары боюнча республикада жана чет өлкөлөрдө добуш берүүнүн жүрүшү жөнүндө орус жана кыргыз тилдерде 20 мүнөттүк маалымат . 

 

 20:00 Республика боюнча добуш берүүнүн жүрүшү жөнүндө КР БШК мүчөлөрүнүн баяндамалары менен маалымат.

 

21:00 КР Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча 21.00гө карата добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө орус жана кыргыз тилдерде «Шайлоо» МАС маалыматтары боюнча маалымат .

 

22:00 КР Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча 22.00гө карата добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө орус жана кыргыз тилдерде «Шайлоо» МАС маалыматтары боюнча маалымат .

 

23:00 КР Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча 22.00гө карата добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө орус жана кыргыз тилдерде «Шайлоо» МАС маалыматтары боюнча КР БШКнын мүчөлөрүнүн баяндамалары менен маалымат .

 

01:00 Республика боюнча жалпысынан жана өзүнчө облустар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө орус жана кыргыз тилдеринде «Шайлоо» МАС маалыматтары боюнча маалымат.

 

 

КР БШК мүчөлөрүнүн түз эфирге чыгуусунун

ГРАФИГИ

2010-жылдын 11-октябры

 

8:00 Добуш берүүнүн алдын-ала натыйжалары боюнча маалымат – КР БШКнын Төрагасы  А.А.Сариевдин чыгып сүйлөгөн сөзү

 

10:00 «Шайлоо» МАС маалыматтары боюнча добуш берүүнүн алдын-ала жыйынтыктары боюнча кыргыз жана орус тилдеринде маалымат – КР БШК мүчөлөрүнүн чыгып сүйлөгөн сөзү

 

12:00 «Шайлоо» МАС маалыматтары боюнча добуш берүүнүн алдын-ала жыйынтыктары жана факстар жөнүндө кыргыз жана орус тилдеринде маалымат – КР БШК мүчөлөрүнүн чыгып сүйлөгөн сөзү  

 

14:00 «Шайлоо»  МАС маалыматтары боюнча добуш берүүнүн алдын-ала жыйынтыктары боюнча  кыргыз жана орус тилдеринде маалымат.

 

 

 

 

 

 

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>