БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Б.К.Дегенбаевден жана С.С.Султанидиновдон арыз келип түштү

27 июня 2017

2017-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу 1975-жылдын 14-августунда туулган Кыргыз Республикасынын жараны, “Ата мекендик өндүрүшчүлөр” Ассоциациясынын төрагасы Дегенбаев Бакыт Кудусовичтен БШКга арыз келип түштү.

Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу арызы менен БШКга 1955-жылдын 5-июнунда туулган Кыргыз Республикасынын жараны, Латвия Республикасынын «Маро» фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Сайнидин Султанидинович Султанидинов кайрылды.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын 27-июнуна карата (20:30) Борбордук шайлоо комиссиясына:

 -6 жарандан Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөтүү арызы келип түшкөн;

- 1 жаран Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн.

КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү