БШК Кыргыз Республикасынын Президентине талапкер Т.Сариевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

23 июня 2017

2017-жылдын 22-июнунда  КР БШКнын жыйынында   Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына    “Ак Шумкар” саясий партиясынан талапкер Т.Сариевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо маселеси каралды.

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына    талапкер Т.Сариевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо тууралуу берилген документтерди текшерип, карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерден документтерди кабыл алуу боюнча КР БШКнын  Жумушчу тобу   Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкердин  шайлоо жана каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо чечимин БШКнын жыйынына  сунуш кылды.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Сариевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп А.Орозакунова, Г.Барыктабасова, К.Ниязбеков жана  А.Джабиев катталды.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Сариевдин каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Б.Мусаев катталды.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө КРнын конституциялык Мыйзамынын” 19-беренесинин 1-пунктуна ылайык талапкерлер, саясий партиялар шайлоого катышууларына байланыштуу маселелер, анын ичинде каржы маселеси боюнча тиешелүү талапкерлердин, саясий партиялардын атынан чыгуучу ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү  дайындоого укуктуу.  

 

КР БШКнын аппаратынын маалыматтык кызматы