Башкы Жаңылыктар КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлердин каржы …

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлердин каржы жана шайлоо маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн семинар өткөрдү

22-Июн, 2017

2017-жылдын 21-июнунда КР БШК Эл аралык шайлоо тутуму фонду (IFES)  менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына  талапкерлердин  каржы жана шайлоо маселеси боюнча  ыйгарым укуктуу  өкүлдөрү үчүн  “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү жана каттоонун  тартиби“ деген темада практикалык семинар уюштуруп,  өткөрдү.  

Борборшайлоокомдун төрайымы Н.Шайлдабекова семинардын катышуучуларын куттуктап, “бул өтө маанилүү семинарды өткөрүүдө колдоо көрсөткөн IFESтин жетекчилигине ыраазычылык билдирди жана бүгүнкү шайлоодогу добуш берүүнүн акыйкат жыйынтыгы талапкерлер арасында ак ниет атаандаштыктын  негизин түздү.Ошол эле учурда шайлоодогу ак ниет атаандаштык үчүн керектүү билим эрежелерин жана шайлоо мыйзамдарынын нормаларын билип, аларды сактоо зарыл. 

Биздин башкы тапшырмаларыбыздын бири, анын ичинде ушул семинардын алкагында, шайлоо процессинин катышуучулары жана уюштуруучулары менен конструктивдүү кызматташуунун негизинде эксперттик жардам көрсөтүү болуп саналат-деп билдирди.  

БШКнын төрайымы өзүнүн куттуктоо сөзүндө, семинардын катышуучуларын КР БШКнын мүчөлөрүн, Борборшайлоокомдун Жумушчу топторунун жетекчилерин, КР Президентинин кызматына талапкерлердин документтерин кабыл алууда жооптуу кызматкерлер жана шайлоо фондунун түзүү маселеси боюнча жооптуу кызматкерлерди тааныштырды.

Семинардын биринчи бөлүгүндө КР БШКнын мүчөлөрү, эксперттер жана Борборшайлоокомдун Жумушчу топторунун жетекчилери Президенттин кызматына талапкерлерди көрсөтүү, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежелери, шайлоо талаш-тартыштарын чечүү   маселелери жана процедуралары тууралуу кенен айтып беришип, анын бет ачарын өткөрүштү.

Семинардын экинчи бөлүгүндө каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөр үчүн шайлоо компаниясын каржылоонун эрежелерин сактоо жана шайлоо фонддорун түзүү маселеси боюнча атайын теманын бет ачары  өттү.

Семинардын жүрүшүндө Борборшайлоокомдун төрайымы, мүчөлөрү, эксперттер жана КР БШКнын Жумушчу тобунун жетекчилери Президенттин кызматына талапкерлердин жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн семинардын темасына  байланышкан көптөгөн суроолоруна кенен жоопторду беришти.

Семинарга, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер, шайлоо  жана каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөр, ошондой эле саясий партиялардын өкүлдөрүнөн бардыгы  болуп  60  адам катышты.

КР БШКнын аппаратынын маалыматтык   бөлүмү 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады
13-Ноя, 2026

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады

Бүгүн, 13-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктады. Алдын ала жыйынтыктар боюнча, президенттик шайлоого катышууга 11 адам талапкерлигин койду.Учурда талапкерлерди колдоо максатында шайлоочулардын электрондук кол тамгаларын чогултуу уланууда. Бул этап 2026-жылдын 8-декабрына чейин созулат. Мыйзамдарга ылайык, каттоодон өтүү үчүн ар бир талапкер кеминде 30 миң шайлоочунун кол тамгасын чогултууга тийиш.Каттоодон өтүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 13-декабрына чейин уланат. Талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жетишпеген документтерди белгиленген тартипте тапшыра алышат.Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлерди каттоо 2026-жылдын 23-декабрына чейин жүргүзүлөт.Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
12-Ноя, 2026

КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 12-ноябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Адылов Бакытбек Адыловичтин жана Сооронкулова Клара Сыргакбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.Адылов Бакытбек Адыловичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Исматуллаев Эркин Эргашходжаевич.Сооронкулова Клара Сыргакбековнанын шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Джурабаева Гульнар Курашбековна, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Суранова Перизаткан Юлдашалиевна.Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
12-Ноя, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Бүгүн, 12-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында Чүй, Базар-Коргон, Ала-Бука жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.• Чүй районунун Бурана айылдык кеңешинин депутаты Сейдекматова Айнура Орозобековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Отунчиева Нурбюбю Абдрахмановнага өткөрүлүп берилди;   • Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттары Мамануров Хасанбай Мамажанович, Юсупов Зайнобидин Абдумухтарович жана Масиров Тилек Алибаевичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Абдуллаев Ахмаджан Закиржанович, Собиржонов Бунёдбек Сотболдиевич жана  Шеркулов Исламбек Батырбековичке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;• Ала-Бука районунун Ала-Бука айылдык кеңешинин депутаты Кулбаева Зулайка Эшматовнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Ботобекова Гулина Рысбековнага өткөрүлүп берилди;   •Нарын районунун Миң-Булак айылдык кеңешинин депутаттары Мукамбетов Ишенбек Кадыракунович жана Муратбек уулу Жээнбектин ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Ыманакунов Атабек Турдакуновичке жана Талантбек уулу Арсенге өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди
12-Ноя, 2026

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 12-ноябрда “Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Орозалиев Кылыч Жанарбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, комиссиянын курамына резервден Джумагулов Каныбек Калыбекович, Зарнаева Назгуль Жакшылыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>