Башкы Жаңылыктар КР БШКнын жарандарга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына …

КР БШКнын жарандарга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына жана интернет-басылмаларга кайрылуусу

21-Июн, 2017

Урматтуу жарандар, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү жол-жоболору жүрүп жатат. Мында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүп жаткан айрым саясий партиялар жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-басылмаларда маалымдоонун чегинен чыккан жана шайлоо алдындагы үгүттүн белгилерин камтыган материалдарды жигердүү тарата баштады.

Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлүп жаткан жарандарга, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөткөн  саясий партияларга КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү процессинде жүргүзүлүп жаткан чаралар жөнүндө ЖМКга жана интернет-басылмаларга маалымдоо учурунда үгүттүн белгиленген мөөнөттөрү башталганга чейин шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүгө тыюу салган мыйзамдардын ченемдерин эске алууну өтүнөбүз.

Шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин, башкача айтканда, 2017-жылдын 10-сентябрынан тартып башталаарын жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда, башкача айтканда, 2017-жылдын 14-октябрында саат 08.00дө аяктаарын эске салабыз.

"КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-пунктуна ылайык «Жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылган же башка ыкма менен таратылган маалыматтык материалдардын мазмуну калыс, так болушу керек, талапкерлердин, саясий партиялардын теңдигин бузбоосу тийиш, аларда кандайдыр бир талапкерге, саясий партияга артыкчылык берилбеши керек».

КР БШКнын 2017-жылдын 14-июнундагы №150 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын маалымдоо жөнүндө» Жобонун (мындан ары – Маалымдоо жөнүндө жобо) 2-беренесинин 6, 10-пункттарына ылайык, шайлоочуларга маалымдоого мыйзамдарда белгиленген чектерде гана жол берилет жана шайлоо алдындагы үгүттүн элементтерин же белгилерин камтууга тийиш эмес. 

Урматтуу жарандар, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Жогоруда баяндалгандарга таянып жана мыйзамдардын көрсөтүлгөн талаптарын эске алып, шайлоо алдындагы үгүттүн белгиленген мөөнөтү башталганга чейин, башкача айтканда, 2017-жылдын 10-сентябрына чейин үгүт белгилери бар маалыматтык жана башкаматериалдарды таратууга жол берилбейт.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышууга ниеттенген Кыргыз Республикасынын бардык саясий партияларына жана жарандарына, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарына жана интернет-басылмаларга үгүт белгилери бар материалдарды күн мурунтан таратуудан карманууга чакырабыз.

Жарандар, саясий партиялар, жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалар шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына маалымдоо тартибин, шарттарын жана эрежелерин сакташынын максатында шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин так сактоону жана маалымдоо учурунда Маалымдоо жөнүндө жобонун ченемдерин жетекчиликке алууну өтүнөбүз, Жобо мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалар, шайлоо комиссиялары, жеке жана юридикалык жактар шайлоочуларга маалымдоосунун тартибин, шарттарын кең-кесири жөнгө салат жана аныктайт.

Мыйзамдарын жогоруда көрсөтүлгөн талаптарын сактабагандык маалыматтык материалдарды үгүт материалдары деп таанууга жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.

Борбордук шайлоо комиссиясынын Маалымдоо маселелери боюнча жумушчу тобуна жана Үгүт жүргүзүү эрежелеринин сакталышына контролдук кылуу боюнча жумушчу тобуна шайлоочуларга маалымдоо тартибин, шарттарын жана эрежелерин сактоо боюнча ЖМКнын жана интернет-басылмалардын мониторингин жүргүзүү милдети тапшырылган.

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>