Борборшайлоокомго Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары Т.Сариевди көрсөткөн “Ак Шумкар” партиясынын чечими келип түштү

20 июня 2017

Бүгүн,  2017-жылдын 20-июнунда, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерликке Т.Сариевди көрсөтүү  тууралуу  “Ак Шумкар” саясий партиясынын чечими келип түштү.

Муну менен кошо КР БШКга талапкердин шайлоо компаниясын каржылоо жана шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тийиштүү документтери да каттоого көрсөтүлдү.