КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке өзүн өзү көрсөтүү боюнча эки арыз түштү

18 июня 2017

КР БШК, 2017-жылдын 18-июнуна карата Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке өзүн өзү көрсөтүү жолу менен көрсөтүп жаткандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын эки жаранынан арыздар түшкөндүгү тууралуу маалымдайт.

Биринчи, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке өзүн өзү көрсөтүү тартибинде өз талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арызы менен 1961-жылдын 20-мартында туулган,  «Лига-Антикризис» КБнин президенти Нышанов Назарбек Айтбекович, 2017-жылдын 16-июнунда кайрылган.

2017-жылдын 18-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке өзүн өзү көрсөтүү тартибинде өз талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арызы менен 1958-жылдын 22-декабрында туулган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Текебаев Өмүрбек Чиркешович кайрылды.

КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү