2017-жылдын 5-7-июлунда Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо дайындалды

17 июня 2017

КР БШКнын 2017-жылдын 17-июнундагы жыйынында  Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жергиликтүү  өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу  органдарынын  башчыларын шайлоо 2017-жылдын 5-7-июлуна дайындалды.

-Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2017-жылдын 5-июлунда саат 9-00дөн 12-00гө,

-Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр, Сузак районунун Көк-Жаңгак, Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарларынын мэрлерин шайлоо 2017-жылдын 6-июлунда  саат 9-00дөн 12-00гө;

-Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын мэрин шайлоо 2017-жылдын 7-июлунда  саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.

 

КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү