Чүй, Ош жана Нарын облустарындагы айрым жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын аткаруу бийлигинин башчыларын шайлоо 2017-жылдын 3-июлуна дайындалды

16 июня 2017

КР БШКнын 2017-жылдын 14-июнундагы жыйынында айрым жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын аткаруу бийлигинин башчыларын шайлоо маселеси талкууланды.  

 Ошентип, Чүй облусунун Аламүдүн районунун  Таш-Мойнок айыл өкмөт жана Панфилов районунун  Курамин айыл өкмөт, Кемин районунудагы  Көк-Ойрок айыл өкмөт, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун  Тоголок Молдо айыл өкмөт, Ош облусунун Алай районунун Бүлөлү айыл өкмөт, Араван районунун С.Юсупов айыл өкмөт  башчыларын шайлоо 2017-жылдын 3-июлунда өткөрүү дайындалды.

 Маалымат: Чүй облусунун Аламүдүн районунун  Таш-Мойнок айылдык кеңешинин жана Панфилов районунун  Курамин айылдык кеңешинин, Кемин районунудагы  Көк-Ойрок айылдык кеңешинин, Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун  Тоголок Молдо айылдык кеңешинин, Ош облусунун Алай районунун Бүлөлү айылдык кеңешинин, Араван районунун С.Юсупов айылдык кеңешинин биринчи сессиясы болуп өттү.

 КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү