Борбордук шайлоо комиссиясы Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облусунун жергиликтүү кеңештеринин кезектеги жана мөөнөтүнөн мурда шайлоонун бир катар маселелерин бекитти
16 июня 2017
2017-жылдын 16-июнундагы БШКнын жыйынында 2017-жылдын 28-майында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжасы жана добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколдор бекитилди.
Шайлоого 7 саясий партия катышты. 31 мандаттык Жалал-Абад шаардык кеңешке 7 пайыздык чектен 6 саясий партия өттү. Мандаттар төмөдөгүдөй бөлүштүрүлдү:
1.“Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы” саясий партиясы - 8;
2. “Өнүгүү - Прогресс” саясий партиясы - 9;
3.“МЕКЕНИМ КЫРГЫЗСТАН” саясий партиясы – 4;
4.“РЕСПУБЛИКА” саясий партиясы – 3;
5.“Патриоттук партия “Ата-Журт” саясий партиясы – 4;
6. “КЫРГЫЗСТАН” саясий партиясы - 3 мандат.
Ошондой эле жыйында төмөндөгүдөй маселелер бекитилди:
-2017-жылдын 12-майында өткөн шайлоодо Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган А.З. Сейдакматовду бекитүү тууралуу протокол;
-Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын аткаруу бийлигинин айрым башчыларын шайлоо протоколдору.
Ошентип, Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл өкмөтүнүн, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн, Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн, Токтогул районундагы А. Сүйөркүлов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2017-жылдын 5-июлунда саат 9дан 12ге чейин өткөрүү дайындалды.
Ал эми Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кара-Жал айыл өкмөт, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн, Чүй облусунун Москва районунун Төлөк айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо 2017-жылдын 5-июлунда саат 15тен 18ге чейин өткөрүү дайындалды .
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
