Башкы Жаңылыктар КР БШК өзүнүн жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун …

КР БШК өзүнүн жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун бардык катышуучуларына кайрылуу кабыл алды

15-Июн, 2017

2017-жылдын 14-июнундагы БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 14-июнундагы № 1681-VI токтому менен Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2017-жылдын 15-октябрына дайындалганына байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандарына, саясий партияларынын өкүлдөрүнө, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрүнө кайрылуу кабыл алды.

 Кайрылууда Жалпыга бирдей шайлоо укугунун принциптерине ылайык, Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жарандары Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышууга жана добуш берүүгө укуктуу экендиги айтылды.

 Добуш берүү күнү шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандар гана добуш берүүгө укуктуу. Шайлоочулардын тизмелерине шайлоо күнүндө жигердүү шайлоо укугуна ээ болгон жана “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилет. Шайлоочулардын тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоочулардын маалыматтарынын алардын биометрикалык жана жеке маалыматтарынын негизинде шайлоочуларды эсепке алуу системасын пайдалануу менен түзөт. Шайлоочуларды биометрикалык маалыматтары боюнча идентификациялоо - башка шайлоочу үчүн добуш берүүгө жана шайлоонун жыйынтыгын жасалмалоого жол берүүнү жокко чыгарат.

 Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүн www.shailoo.srs.kg порталынан шайлоочулардын тизмесинен текшере алышат же Мамлекеттик каттоо кызматынын чалуу-борборуна 119 номери аркылуу кайрылышса болот (чалуу акысыз). Мындан тышкары, добуш берүү күнүнө 60 күн калганда, б.а. 2017-жылдын 16-августуна чейин шайлоочулардын алдын ала тизмелери шайлоо участокторуна илинет, ошол жерден өзүңөр жөнүндө маалыматтарды тактасаңар болот.

Ката же так эместиктер бар болсо же шайлоочулардын алдын ала тизмесинде жок болсоңуз Сиз добуш берүүчү күнгө чейин 15 календардык күн мурда, б.а. 2017-жылдын 30-сентябрына чейин тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына арыз менен, ID-картанын көчүрмөсүн тиркөө менен кайрылууга укуктуусуз деп айтылат кайрылууда.

Добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күн калганда, б.а. 2017-жылдын 24-сентябрынан тартып участкалык шайлоо комиссиялары шайлоочулардын контролдук тизмелерин таанышуу үчүн илүүгө милдеттүү.

Добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен, б.а. 2017-жылдын 12-октябрына чейин участкалык шайлоо комиссиялары шайлоо участогунда тийиштүү шайлоо участогундагы шайлоочулардын биротоло тизмелеринин кагаз нускасын илүүгө милдеттүү.

Аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялары шайлоочулардын тизмелерин тактоо боюнча биринчи кезектеги чараларды кабыл алууга тийиш, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышуунун тартиби жана добуш берүүнүн жол-жобосу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.

 Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына шайлоочулардын тизмелерин тактоо, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышуунун тартиби жана добуш берүү жол-жобосу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө жардамдашууга милдеттүү.

Үгүт мезгилинде, 2017-жылдын 10-сентябрынан 13-октябрына чейин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге чогулуштарды жана жарандар менен жолугушууларды, ачык дебаттарды жана дискуссияларды, митингдерди, демонстрацияларды жана жүрүштөрдү уюштурууда бирдей шартта жардам көрсөтүүгө, массалык иш чараларды өткөрүүдө коопсуздукту камсыздоого милдеттүү.

 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер болгон Кыргыз Республикасынын жарандарына шайлоо өткөрүүдө мамлекет тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык үгүттү эркин жүргүзүү камсыздалат.

Шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо мөөнөтү бүткөндөн кийин, б.а. 2017-жылдын 10-сентябрында башталат жана добуш берүүгө чейин 24 саат мурда, б.а. 2017-жылдын 14-октябрында саат 08:00дө токтотулат.

Ошондой эле кайрылууда эфир убактысын берүүнүн, мезгилдүү басма сөздө же интернет-басылмада жарыялоо үчүн акы төлөөнүн өлчөмү бардык талапкерлер үчүн бирдей болууга тийиш жана акы төлөнүүчү эфир убактысынын, мезгилдүү басма сөздөгү же интернет-басылмадагы баа шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 ай үчүн алынган баадан ашышы мүмкүн эместиги айтылат.

Добуш берүүчү күнгө чейинки соңку 5 күндө, б.а. 2017-жылдын 10-октябрында саат 08:00дөн тарта жана добуш берүү күнү, жалпыга маалымдоо каражаттарына коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларын, шайлоонун божомолдорун, шайлоого байланыштуу башка изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын жарыялоого болбойт.

Саясий партияларды Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жүрүшүндө таза атаандашууга, мамлекетте демократияны, тынчтыкты чыңдоого  салым кошууга жана өзүнүн талапкерлери жөнүндө маалыматты ар бир шайлоочуга жеткирүүгө чакырабыз.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн ишин мыйзамдуулуктун, ачык-айкындыктын, көз каранды эместиктин жана адилеттүүлүктүн принциптеринде жүргүзүү менен Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышуучулардын баары үчүн эшиги ачык экендигин билдирет. 

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого байланыштуу пайда болгон баардык суроолор боюнча Сиздер аймактык, участкалык шайлоо комиссияларына жана Борбордук шайлоо комиссиясынын Бишкек жана Ош шаарларында уюштурулган коомдук кабылдамаларына төмөндө көрсөтүлгөн даректери жана телефондору аркылуу кайрылсаңыздар болот:

Бишкек шаары, Раззаков көчөсү 59, 101-кабинет, тел.:   + (996 312) 66 02 40; Ош шаары, Ленин көчөсү 221,  №9-кабинет, тел.: + (996 3222) 5 55 50.

КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
21-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет

Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаевдин жетекчилиги астында Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү.Жыйындын жүрүшүндө социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн жана шарттарын сактоо талаптарына каршы келүү белгилери бар материалдар аныкталып, каралды.Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеевдерге эскертүү берилип, билдирүүлөрүн өчүрүү милдеттендирилди. Аталган жарандар мындан ары мыйзамдардын талаптарын сактоого жана ушул сыяктуу бузууларга жол бербөөгө даяр экендиктерин билдиришти.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин жүргүзүүгө тыюу салынарын дагы бир жолу эскертет. Бул талап шайлоо алдындагы үгүттүн мыйзамдарда каралган бардык формаларына жана ыкмаларына, анын ичинде социалдык тармактарда жана башка интернет-ресурстарда тиешелүү материалдарды жайгаштырууга жана таратууга да тиешелүү.БШК жарандарды, талапкерлерди, алардын өкүлдөрүн, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин шайлоо алдындагы үгүт катары бааланышы мүмкүн болгон аракеттерден оолак болууга, ошондой эле социалдык тармактарда маалыматтарды жайгаштырууда жана таратууда жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.Жумушчу топ өз ыйгарым укуктарынын чегинде социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнү жана шайлоо мыйзамдарынын мүмкүн болгон бузуулары тууралуу материалдарды кароону улантат.Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн жана эрежелерин сактоо шайлоо процессинин катышуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун, мыйзамдуулукту жана шайлоонун ачык-айкындуулугун сактоонун маанилүү шарты болуп саналат. 
Кененирээк билүү >>
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19-Окт, 2026

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү

2026-жылдын 15, 16 жана 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүштү. Тренингдердин негизги максаты – жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана тиешелүү адистердин компетенцияларын өнүктүрүү.  Окутуу программасы жалпы шайлоо укугунун негизги принциптеринен тартып, жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруунун практикалык маселелерине чейинки темаларды камтыды. Тренингдерге жалпысынан 225 адам катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, ошондой эле Баткен, Ош жана Манас шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү болушту. Теориялык жана практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди кеңири талкуулашты:-        жалпы шайлоо укугу жана шайлоо укугун чектөөгө байланышкан маселелер, анын ичинде жарандардын айрым категорияларына тиешелүү жагдайлар;-        жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоодо шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;-        шайлоо комиссияларынын электрондук порталдары жана шайлоо процесстерин санариптик форматта уюштуруу;-        жарандардын айрым категорияларын маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби;-        шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу тартиби жана добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо.Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын укуктарын коргоо механизмдерине, шайлоо процессине тоскоолдуксуз катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Өткөрүлгөн тренингдер мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо процессине толук кандуу катышуусуна өбөлгө түзүүгө багытталды
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйында мыйзамда белгиленген үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүттөөгө байланышкан мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Атап айтканда, социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды.Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовдорго эскертүү берилди. Жогорудагы жарандар Жумушчу топ тарабынан айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришти. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.
Кененирээк билүү >>