Жайыл жана Сокулук райондорунун жергиликтүү кеңештеринин, Кара-Балта шаардык кеңешинин мөөнөтүнөн мурда жана кезектеги шайлоонун натыйжасы жана добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколдор бекитилди
14 июня 2017
2017-жылдын 13-июнунда КР БШКнын жыйынында 2017-жылдын 28-майында болуп өткөн Жайыл жана Сокулук райондорунун жергиликтүү кеңештеринин, Кара-Балта шаардык кеңешинин мөөнөтүнөн мурда жана кезектеги шайлоонун натыйжасы жана добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколдор бекитилди. Шайлоого 11 саясий партия катышып, жыйынтыгы боюнча 31 мандаттык Кара-Балта шаардык кеңешине 7 пайыздык чектен 7 партия өттү. Мандаттар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:
- “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясы - 7 мандат;
- “Эл АМАН” саясий партиясы - 5 мандат;
- “МЕКЕНИМ КЫРГЫЗСТАН” саясий партиясы – 5 мандат;
- “РЕСПУБЛИКА” саясий партиясы – 4 мандат;
- “АК ШУМКАР”саясий партиясы – 4 мандат;
- “ЭЛДИК-НАРОДНАЯ” саясий партиясы- 3 мандат;
- “КЫРГЫЗСТАН” саясий партиясы- 3 мандат.
Мындан тышкары БШК Тогуз-Торо, Токтогул, Таш-Көмүр, Сокулук, Жайыл, Тоң жана Кадамжай жергиликтүү кеңештеринин он депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана 10 депутаттык мандатты кийинки шайланган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү тууралуу протоколдорду бекитти.
Ошондой эле жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынан беш талапкерди резервке киргизүү тууралуу протоколдор бекитилди. Ошентип, Жалал-Абад облусунун Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын резерви толукталды.
Бул маселе боюнча жарандарга кайрылууну КР БШКсы 2017-жылдын 18-апрелинде жарыялаган. Талапкерлерди көрсөтүү боюнча документтерди, тийиштүү маалыматтарды кабыл алуу 2017-жылдын 12-майында аяктап, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынан жалпы 5 талапкерден документ түшкөн.


