2017-жылдын 29-30-июнунда Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын аткаруу бийлигиннин башчыларын шайлоо дайындалды
14 июня 2017
КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын аткаруу бийлигинин башчыларын шайлоо маселеси талкууланды.
Бул маселени кароонун жүрүшүндө Борбордук шайлоо комиссиясы Чүй облусунун Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысын 2017-жылдын 29-июнунда (саат 9-12ге чейин) жана Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын (саат 15-18ге чейин) шайлоо боюнча токтом кабыл алды.
Чүй облусунун Кемин районундагы Кемин шаарынын мэрин жана Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарынын мэрин, Чүй облусунун Сокулук районунун Камышановка айыл өкмөтүнүн, Талас облусундагы Талас районунун Жергетал айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо 2017-жылдын 30-июнунда саат 9-12ге чейин өткөрүү дайындалды.
Маалымат: 2017-жылдын 6-июнунда Сокулук мамлекеттик администрациясынын башчысынын буйругу менен берген арызына ылайык Камышановка айылдык өкмөтүнүн башчысы Я.Асеев ээлеген кызматынан бошотулду. Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаарында, Кара-Булак, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинде, Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаардык кеңешинде, Талас облусунун Талас районунун Жергетал айылдык кеңешинде кайра шайланган кеңештердин биринчи сессиясы болуп, шаардык жана айылдык кеңештердин төрагалары шайланды.
