КР БШК Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Ж. Н. Эрназаровдун кайрылуусун канааттандырды
31 мая 2017
Бүгүн, 2017-жылдын 30-майында КР БШК Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Ж. Н. Эрназаровдун кайрылуусун карады.
Кайрылууда, Жалал-Абад АШКсы Бишкекте жашагандыгы тууралуу каттоосу бар Т. К. Исмановду Өнүгүү-Прогресс” партиясынан Жалал-Абад шаардык кеңешине талапкер катары каттап, шайлоо мыйзамынын ченемдерин бузгандыгы айтылат.
Андан ары, 2017-жылдын 24-майында жогорудагы бузуулар боюнча Жалал-Абад АШКсына кайрылуудан кийин, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы Жалал-Абад АШКсына кайрылып, Т. К. Исмановду талапкерлердин тизмесинен чыгаруу тууралуу 2017-жылдын 18-майында катталды делген арыз бергени белгиленет.
КР БШК КСДПнын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн даттануусундагы “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан талапкер Т. К. Исмановдун документтерин кабыл алууда Жалал-Абад АШКсы шайлоо мыйзамын бузган бөлүгүн канааттандырган чечим кабыл алды.
Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына төрага Б.М. Турдубаеванын жана Жалал-Абад АШКсы талапкерлерден документтерди кабыл алуу боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин кароо сунушталды.
БШК Аппаратынын маалыматтык бөлүмү




