Түштүк Кореянын байкоочулары 28-майдагы шайлоо процессин өткөрүүнү баалады

30 мая 2017

29-майда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүү үчүн башкалардын катарында келишкен Түштүк Кореянын Улуттук шайлоо комиссиясынын  өкүлдөрү КР БШКда журналисттер үчүн  пресс-конференция өткөрүштү.

28-майдагы өткөн шайлоодо Түштүк Кореянын өкүлдөрү Чүй облусунун Кемин жана Ысык-Көл облусунун Түп райондорунда шайлоо процессине байкоо жүргүзүштү.

Түштүк Кореянын Ульчин шаарынын Шайлоо комиссиясынын өкүлү Ли Кюнгжае Кыргызстан менен Кореянын шайлоо системасынын окшоштугун белгиледи, ошондой эле шайлоочуларды идентификациялоо жана биометриялык системаны жогору баалады. Кореялык байкоочулар Кыргызстан кыска мөөнөттүн ичинде жаңы шайлоо моделин натыйжалуу киргизгендигине суктанышты.

Байкоочулар  шайлоо комиссияларынын кесипкөйлүгүн жана ачыктыгын жогору баалашты жана КР БШКнын жогорку деңгээлде тосуп алганына ыраазычылык билдиришти.

“Кореяда  мүмкүнчүлүгү чектелген же алыскы райондордо жашаган шайлоочуларды добуш берүү  участогуна алып келүүнү тейлеген кызмат бар. Бул ыкма шайлоочулардын активдүүлүгүн арттырууга көмөк берет. Кыргызстан да ушундай кызматты колдонсо болот”,- деген кеңешин айтты Ли Кюнгжае.

Брифингдин аягында эл аралык байкоочулар Кыргызстанга тынчтыкты, туруктуулукту жана гүлдөп өсүүнү каалады.

 

БШК Аппаратынын маалыматтык бөлүмү