“Республикадагы жаңы шайлоо системасын өркүндөтүүдө Борбордук шайлоо комиссиясы менен Мамлекеттик каттоо кызматы ири ийгиликтерге жетишиптир”-деп айтты Пенджаб шайлоо округунун башчысы Виджай Кумар Синг
28 мая 2017
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байкоочу катары Казакстан, Украина, Индия жана Корея Республикасынан келген 16 байкоочу 41 шаардык жана айылдык кеңештеги шайлоонун жүрүшүнө көз салышты.
Бүгүн эл аралык байкоочулар Ысык-Көл обулусунун Кара-Ой жана Бозтери, Чүй облусундагы Аламүдүн, Кемин райондорундагы шайлоо комиссияларына барып, добуш берүү участокторунда болушту.
Байкоочулар Кыргызстандагы шайлоо системасына өздөрүнүн чын дилдеринен чыккан ыраазычылыктарын билдиришти.
“Республикадагы демократиялык процесстерди колдоо максатында жаңы шайлоо системасын өнүктүрүүдө Борбордук шайлоо комиссиясы менен Мамлекеттик каттоо кызматынын жакшы иштерине күбө болдум. Кыргызстан шайлоо процессинде реформа жүргүзүүдө өз регионундагы мамлекеттерден алдыга озуп чыгыптыр”-деп айтты Пенджаб шайлоо округунун башчысы Виджай Кумар Синг.
“Кыргызстандын жаңы шайлоо моделине, элине, жерине ыраазы болдум. Республика таза шайлоолорду өткөрүүдө зор прогресске жетишиптир”-деп айтты, Украинанын мамлекеттик реестринин бөлүштүрүү кызматынын жетекчиси Александр Стельмах.
Байкоочулар миссиясынын мүчөлөрүнүн ойлоруна караганда добуш берүү ачык айкын өттү, добуш берүү участокторунда саясий партиялардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү да байкоочу болушту.
БШК Аппаратынын маалыматтык кызматы
