Башкы Жаңылыктар Саат 17.00 карата Жергиликтүү кеңештердин депутаттарына добуш берүү …

Саат 17.00 карата Жергиликтүү кеңештердин депутаттарына добуш берүү тууралуу маалымат

28-Май, 2017

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо күнүндө, кечки 17:00гө карата өлкө боюнча 109 215 шайлоочу добуш беришти, бул шайлоочулардын тизмесине киргендердин 40,1 пайызын түздү.

Шайлоочулардын активдүүлүгү айрыкча Жалал-Абад облусунда байкалып, шайлоочулардын тизмесиндегилердин 54,6 пайызы добуш беришти.  Айылдык кеңештер боюнча алганда Баткен облусу активдүүлүктү көрсөтүп, шайлоочулардын тизмесиндегилердин 48,7 пайызы добуш берди.

521 автоматтык эсептөө урналарынын (АЭУ) ичинен 5өө техникалык себептерден улам алмаштырылды.

Координациялык кеңештин маалыматы боюнча, саат 17:00гө карата, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү жерлеринде, ошондой эле айылдык жана шаардык кеңештеринин аймактарында, облустарда, республикада коомдук саясий кырдаал туруктуу бойдон калууда жана ички иштер органдарынын көзөмөлүндө.

 Коомдук тартипти жана укук бузуу фактылары, ошондой эле шайлоо участкаларында шайлоо мыйзамын бузуулар катталган жок.

Төмөндө айылдык жана шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча – добуш берүүлөрдүн саны жөнүндө кеңири маалыматтар тиркелет. 


Шаардык кеңеш боюнча депутаттарды шайлоодо добуш берүүчүлөрдү саны тууралуу маалымат    

                 

АШКнын аталышы

Шаардык кеңештин аталышы 

Шайлоо-н саны . Добуш берүү-н саны 10.00 % Добуш берүү-н саны 13.00 % Добуш берүү-н саны 17.00 % Добуш берүү-н саны 20.00 %
Жалал-Абад шаардык кеңеши 37563 4438 11,8 14149 37,7 20508 54,6   0,0
Ноокат шаардык кеңеши 7304 843 11,5 2110 28,9 2338 32,0   0,0
Кара-Балта шаардык кеңеши 22954 3375 14,7 7911 34,5 11322 49,3   0,0
Кемин шаардык кеңеши 5953 676 11,4 1967 33,0 2842 47,7   0,0
Көк-Жаңгак шаардык кеңеши 4634 153 3,3 633 13,7 967 20,9   0,0
Таш-Көмүр  шаардык кеңеши 17868 2312 12,9 5486 30,7 7664 42,9   0,0
Кадамжай шаардык кенеши 5940 719 12,1 1764 29,7 2286 38,5   0,0
Айдаркен шаардык кеңеши 4723 408 8,6 1111 23,5 1501 31,8   0,0
Шаардык кеңеш боюнча жыйынтык  106939 12924 12,1 35131 32,9 49428 46,2 0 0,0
                   
Айылдык кеңеш боюнча жыйынтык  165175 12845 7,8 39144 23,7 59787 36,2 0 0,0
                   
Бардык кеңештер боюнча жыйынтык  272114 25769 9,5 74275 27,3 109215 40,1 0 0,0

 

 

Айылдык кеңештер боюнча депутаттарды шайлоодо добуш берүүчүлөр тууралуу маалымат  
                   
АШКнын аталышы 
Айылдык кеңештин аталышы 
Шайлоо-н саны . Добуш берүү-н саны 10.00 % Добуш берүү-н саны 13.00 % Добуш берүү-н саны 17.00 % Добуш берүү-н саны 20.00 %
Ысык-Көл облусу 25265 2049 8,1 5931 23,5 9349 37,0 0 0,0
Ак-Суу ТИК 4381 198 4,5 667 15,2 1167 26,6 0 0,0
Кара-Жал айылдык кеңеши  2908 126 4,3 386 13,3 692 23,8   0,0
Бөрү-Баш айылдык кеңеши 1473 72 4,9 281 19,1 475 32,2   0,0
Жети-Өгүз ТИК 8158 690 8,5 1991 24,4 2793 34,2 0 0,0
Кызыл-Суу айылдык кеңеши 8158 690 8,5 1991 24,4 2793 34,2   0,0
Ысык-Көл ТИК 8538 661 7,7 1846 21,6 3498 41,0 0 0,0
Бостери айылдык кеңеши 6221 504 8,1 1389 22,3 2607 41,9   0,0
Кара-Ой айылдык кеңеши 2317 157 6,8 457 19,7 891 38,5   0,0
Тон ТИК 4188 500 11,9 1427 34,1 1891 45,2 0 0,0
Улахол айылдык кеңеши 4188 500 11,9 1427 34,1 1891 45,2   0,0
Нарын облусу 2019 199 9,9 503 24,9 641 31,7 0 0,0
Ак-Талинский ТИК 2019 199 9,9 503 24,9 641 31,7 0 0,0
Тоголок Молдо айылдык кенеши  2019 199 9,9 503 24,9 641 31,7   0,0
Талас облусу 3047 177 5,8 640 21,0 1066 35,0 0 0,0
Талас ТИК 3047 177 5,8 640 21,0 1066 35,0 0 0,0
Жергетал айылдык кеңеши   3047 177 5,8 640 21,0 1066 35,0   0,0
Чүй облусу 65117 4183 6,4 14213 21,8 21824 33,5 0 0,0
Аламүдүн ТИК 5377 538 10,0 1635 30,4 2489 46,3 0 0,0
Таш-Мойнок айылдык кеңеши 5377 538 10,0 1635 30,4 2489 46,3   0,0
Жайыл ТИК 9071 628 6,9 1936 21,3 3076 33,9 0 0,0
Сосновка айылдык кеңеши  3186 127 4,0 515 16,2 875 27,5   0,0
Полтавка айылдык кеңеши 3366 307 9,1 837 24,9 1251 37,2   0,0
Красный-Восток айылдык кеңеши 2519 194 7,7 584 23,2 950 37,7   0,0
Кемин ТИК 7375 537 7,3 1858 25,2 2874 39,0 0 0,0
Кызыл - Октябрь айылдык кеңеши  2635 262 9,9 679 25,8 1088 41,3   0,0
Кара-Булак  айылдык кеңеши  1961 116 5,9 401 20,4 637 32,5   0,0
Кок-Ойрок айылдык кеңеши 2779 159 5,7 778 28,0 1149 41,3   0,0
Москва ТИК 10171 567 5,6 1690 16,6 2761 27,1 0 0,0
Төлөк  айылдык кеңеши  705 84 11,9 203 28,8 341 48,4   0,0
Александровка айылдык кеңеши 9466 483 5,1 1487 15,7 2420 25,6   0,0
Панфилов ТИК 6212 632 10,2 1625 26,2 2288 36,8 0 0,0
Курама айылдык кеңеши  6212 632 10,2 1625 26,2 2288 36,8   0,0
Сокулук ТИК 26911 1281 4,8 5469 20,3 8336 31,0 0 0,0
Фрунзе айылдык кеңеши  4854 310 6,4 1279 26,3 1805 37,2   0,0
Кызыл-Туу айылдык кеңеши  5136 217 4,2 933 18,2 1642 32,0   0,0
Новопавловка айылдык кеңеши 11088 465 4,2 1756 15,8 2810 25,3   0,0
Орок айылдык кеңеши 5833 289 5,0 1501 25,7 2079 35,6   0,0
Түндүк боюнча жыйынтык  95448 6608 6,9 21287 22,3 32880 34,4 0 0,0
Ош облусу 41281 3672 8,9 10445 25,3 15610 37,8 0 0,0
Алай ТИК 1108 104 9,4 262 23,6 415 37,5 0 0,0
Бүлөлү айылдык кеңеши  1108 104 9,4 262 23,6 415 37,5   0,0
Араван ТИК 13197 1454 11,0 3698 28,0 5480 41,5 0 0,0
С. Юсупова айылдык кеңеши 13197 1454 11,0 3698 28,0 5480 41,5   0,0
Кара-Кулжа ТИК 10003 609 6,1 2301 23,0 3278 32,8 0 0,0
Кара-Кулжа  айылдык кеңеши 10003 609 6,1 2301 23,0 3278 32,8   0,0
Кара-Суу ТИК 16973 1505 8,9 4184 24,7 6437 37,9 0 0,0
Ак-Таш айылдык кеңеши 4101 377 9,2 1057 25,8 1724 42,0   0,0
Жоош айылдык кеңеши 12872 1128 8,8 3127 24,3 4713 36,6   0,0
Жалал-Абад облусу 27929 2458 8,8 7226 25,9 11045 39,5 0 0,0
Аксы ТИК 10968 833 7,6 2592 23,6 4350 39,7 0 0,0
Жерге-Тал айылдык кеңеши 3422 298 8,7 984 28,8 1467 42,9   0,0
Кара-Суу айылдык кеңеши  3993 345 8,6 975 24,4 1653 41,4   0,0
Кара-Жыгач айылдык кеңеши 3553 190 5,3 633 17,8 1230 34,6   0,0
Сузак ТИК 11871 1080 9,1 3146 26,5 4559 38,4 0 0,0
Кызыл-Туу айылдык кеңеши 11871 1080 9,1 3146 26,5 4559 38,4   0,0
Токтогул ТИК 5090 545 10,7 1488 29,2 2136 42,0 0 0,0
А. Суеркулов атындагы айылдык  кеңеши  5090 545 10,7 1488 29,2 2136 42,0   0,0
Баткен облусу 517 107 20,7 186 36,0 252 48,7 0 0,0
Кадамжай ТИК 517 107 20,7 186 36,0 252 48,7 0 0,0
Совет айылдык кеңеши 517 107 20,7 186 36,0 252 48,7   0,0
Түштүк боюнча жыйынтык 69727 6237 8,9 17857 25,6 26907 38,6 0 0,0
Айыл кеңеши боюнча жыйынтык  165175 12845 7,8 39144 23,7 59787 36,2 0 0,0

Шайлоого катышкандардын добуш берүүсү тууралуу маалымат менен сайттан таанышсаңыздар болот. www.ess.shailoo.gov.kg 


БШК Аппаратынын маалыматтык бөлүмү 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
21-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет

Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаевдин жетекчилиги астында Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү.Жыйындын жүрүшүндө социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн жана шарттарын сактоо талаптарына каршы келүү белгилери бар материалдар аныкталып, каралды.Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеевдерге эскертүү берилип, билдирүүлөрүн өчүрүү милдеттендирилди. Аталган жарандар мындан ары мыйзамдардын талаптарын сактоого жана ушул сыяктуу бузууларга жол бербөөгө даяр экендиктерин билдиришти.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин жүргүзүүгө тыюу салынарын дагы бир жолу эскертет. Бул талап шайлоо алдындагы үгүттүн мыйзамдарда каралган бардык формаларына жана ыкмаларына, анын ичинде социалдык тармактарда жана башка интернет-ресурстарда тиешелүү материалдарды жайгаштырууга жана таратууга да тиешелүү.БШК жарандарды, талапкерлерди, алардын өкүлдөрүн, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин шайлоо алдындагы үгүт катары бааланышы мүмкүн болгон аракеттерден оолак болууга, ошондой эле социалдык тармактарда маалыматтарды жайгаштырууда жана таратууда жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.Жумушчу топ өз ыйгарым укуктарынын чегинде социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнү жана шайлоо мыйзамдарынын мүмкүн болгон бузуулары тууралуу материалдарды кароону улантат.Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн жана эрежелерин сактоо шайлоо процессинин катышуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун, мыйзамдуулукту жана шайлоонун ачык-айкындуулугун сактоонун маанилүү шарты болуп саналат. 
Кененирээк билүү >>
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19-Окт, 2026

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү

2026-жылдын 15, 16 жана 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүштү. Тренингдердин негизги максаты – жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана тиешелүү адистердин компетенцияларын өнүктүрүү.  Окутуу программасы жалпы шайлоо укугунун негизги принциптеринен тартып, жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруунун практикалык маселелерине чейинки темаларды камтыды. Тренингдерге жалпысынан 225 адам катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, ошондой эле Баткен, Ош жана Манас шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү болушту. Теориялык жана практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди кеңири талкуулашты:-        жалпы шайлоо укугу жана шайлоо укугун чектөөгө байланышкан маселелер, анын ичинде жарандардын айрым категорияларына тиешелүү жагдайлар;-        жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоодо шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;-        шайлоо комиссияларынын электрондук порталдары жана шайлоо процесстерин санариптик форматта уюштуруу;-        жарандардын айрым категорияларын маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби;-        шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу тартиби жана добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо.Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын укуктарын коргоо механизмдерине, шайлоо процессине тоскоолдуксуз катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Өткөрүлгөн тренингдер мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо процессине толук кандуу катышуусуна өбөлгө түзүүгө багытталды
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйында мыйзамда белгиленген үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүттөөгө байланышкан мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Атап айтканда, социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды.Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовдорго эскертүү берилди. Жогорудагы жарандар Жумушчу топ тарабынан айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришти. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.
Кененирээк билүү >>