Башкы Жаңылыктар Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүү башталды

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүү башталды

28-Май, 2017

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүү башталды. Эртең мененки саат 8:00дө 214 шайлоо участкасы ачылды, шайлоочулардын тизмесине 272 114 шайлоочу киргизилген.

  Бүгүн шайлоо 41 жергиликтүү кеңеште, 8 шаардык жана 33 айылдык кеңеште болуп өтөт. 21 кеңеште кезектеги жана 20 кеңеште мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. Мөөнөтүнөн мурда шайлоолор Айдаркан, Кадамжай, Жалал-Абад, Таш-Көмүр, Кара-Балта, Кемин шаарларында, кезектеги шайлоолор Ноокат жана Көк-Жаңгак шаарында өтөт.

   Бардыгы 811 депутат шайланышы керек, анын ичинен- 651и айылдык кеңештин депутаты жана 198и шаардык кеңештин депутаты. Бул үчүн 117 шайлоо округдары түзүлдү. Шайлоого катышуу үчүн өлкө боюнча 4 423 талапкер (1 872 талапкер айылдык кеңештерге жана 2551 талапкер шаардык кеңештерге) катталган.

    27-майда бардык жерде ден соолук  мүмкүнчүлүгүнө же башка себептерге байланыштуу добуш берүү участкаларына келе албаган  шайлоочулар үчүн добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү болуп өттү. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү үчүн 1751 шайлоочунун арызы катталган,  алардын ичинен 1364ү добуш беришти. 104-шайлоочу ордунда жок болуп чыкты, 53 шайлоочунун паспорту жок, 5 жарандын паспорту  эски үлгүдөгү паспорт экен, 106 шайлоочу башка себептер менен (идентификациядан өтпөгөндүк ж.б.) добуш беришкен жок.

     Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан “Өзүңдүн шайлоо участогуңду акысыз SMS-билдирүү аркылуу билип ал” жаңы интерактивдүү тейлөө кызматы киргизилген. Бул үчүн “119” кыска номерине өзүңүздүн ПИНди ( 14 сандагы жеке идентификациялык номер)  жибересиз жана система шайлоочунун кайсы участокко кире тургандыгына автоматтык түрдө жооп берет.

    Өткөн шайлоолордо айрым шайлоочулар манжаларынын изи боюнча биометриялык идентфикациялоодон өтпөгөндүктөн добуш бере албай калышкан.  Муну эске алып, шайлоочуну бетинин биометриялык параметри боюнча идентификациялоо  (камераны колдонуу аркылуу) кошумча мүмкүнчүлүгү киргизилген.

    2017-жылдын 28-майында, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо күндө, КР БШКда төмөнкү номерлер боюнча : 1255, 62-62 55, 62-02-40  “түз линия” иштеп жатат.

   Борбордук шайлоо комиссиясынын адистери жарандардын суроолоруна жооп беришет, ошондой шайлоо участкаларындагы укук бузуулар жөнүндө маалыматтарды кабыл ала алышат.

 

Борбордук шайлоо комиссиясына добуш берүү күнүнө чейин 7 даттануу (арыз) келип түшкөн. Алардын ичинен – 3 даттануу аймактык шайлоо комиссиясынын аракетине, 1 даттануу добушту сатып алуу боюнча,  3өө мыйзамдын айрым ченемдерин түшүндүрүү боюнча. Бардык даттануулар жана арыздар өз убагында каралды жана жооп берилди.

   БШК эске салат, добуш берүү дайындалгандан бери: шайлоочуларды сатып алууга, акча каражаттарын төлөөгө, белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды тапшырууга тыюу салынат. БШК жарандардан сатып алуу фактылары жөнүндө, укук коргоо органдарына чара көрүү үчүн кайрылууну өтүнөт. Сатып алуу кылмыш-жазасына кирет.

   БШК, шайлоочулардын, талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын добуш берүү күнүндө келип түшкөн  арыздары (даттануулары) прокуратура жана ички иштер органдары тарабынан дароо кароого жатарын эске салат.

   Мамлекеттик же башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын, жарандын шайлоо укугун жана мыйзам талаптарын  бузган   чечими жана (же) аракети (аракетсиздиги)  прокуратурада, ички иштер органдарында же сотто Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттанылышы мүмкүн.

Шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиянын коммерциялык эмес уюмдардын, алардын өкүлдөрү, байкоочулар мамлекеттик жана башка органдарга, алардын жетекчилерине, жана башка шайлоо процессинин катышуучулардын аракеттерине  (аракетсиздигине) жана чечимдерине  арыз даттануулар  менен кайрыла алат. Арыз даттануулар кайсы негизге таянып жазылып жатканы далилдүү көрсөтүлүшү керек.

Прокуратура жана ички иштер органдары даттануулар (арыздар) боюнча кабыл алынган чечимдердин көчүрмөсүн токтоосуз түрдө тийиштүү шайлоо комиссиясына жөнөтөт.

Прокуратура жана ички иштер органдары арыз-даттанууларды кароодон баш тарткан учурда,  баш тартуунун  негизин түшүндүргөн чечимдин көчүрмөсүн  берүүгө милдеттүү.

БШК  ар кандай укук бузууларга каршы натыйжалуу жана тез чара көрүү максатында шаар жана райондордогу аймактык комиссияларда укук коргоо органдары менен биргелешип тез чара көрүүчү координациялык топ уюштурду.

2017-жылдын 28-майында Шайлоо комиссиясынын имаратынын 3-кабатында пресс-борбор  иштеп, саат  Маалыматтык брифингде 11.00, 14.00, 18.00 жана 21де добуш берүү тууралуу маалыматтар берилип турат .

 БШКнын Аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>