2017-жылдын 28-майында өтүүчү жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоонун жүрүшү жана добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы тууралуу маалымдоо максатында атайын пресс-борбор уюштурулду
27 мая 2017
КР БШК:2017-жылдын 28-майында өтүүчү жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоонун жүрүшү жана добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы тууралуу маалымдоо максатында атайын пресс-борбор уюштурулду
2017-жылдын 28-майында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо күнү БШК пресс-борбор уюштурду. Ал Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын (Бишкек, Раззаков көчөсү,59) 3-кабатында жайгашкан.
Пресс-борбор эртең мененки саат 8ден кечки саат 21. 30 га чейин иштейт.
Пресс-борбордон шайлоочулардын добуш берүүгө катышы жана айырым жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоонун алдын ала жыйынтыгы тууралуу маалыматтар байма бай берилип турат.
БШК Аппаратынын маалыматтык бөлүмү
