2017-жылдын 27-майында Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо алдындагы үгүт иштери токтотулат

26 мая 2017

2017-жылдын 27-майында Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо алдындагы үгүт  иштери токтотулат

“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 23-беренесине ылайык үгүт иштери добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат.

Бул күнү саясий партиялар, өзүн өзү көрсөткөндөр, үгүт иштерин жүргүзүүчүлөрдүн тобу, ошондой эле  бардык массалык маалымат каражаттары  үгүт иштерин токтотушат.

Мурда шайлоо комиссияларынын имараттарынан жана жайларынан тышкары жайгаштырылган басылма үгүт материалдары баракчалар, плакаттар, билборддор жана башка материалдар добуш берүү күнү мурдагы орундарында сакталат.  

Эгерде үгүт иштеринде мыйзам бузуулар катталган болсо, БШК  мыйзам чегинде чара көрүүгө  укуктуу. 

БШК Аппаратынын маалыматтык кызматы