КР БШКнын маалыматтык брифинг: үгүт иштери кичине кемчиликтер менен өтүп, шайлоо комиссиясы жана жумушчу тобу арыз даттанууларга оперативдүү көңүл бурууда

26 мая 2017

25-майда КР БШКнын төрагасынын орун басары  А. Бекматов 2017-жылы 28-майда өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого карата даярдык туурасында журналисттерге маалымат берди.

Анын айткандарына караганда республикадагы 214 шайлоо участкасында добуш берүү өткөрүлөт.

Айылдык кеңештерге (613 мандат) 1872,  шаардык кеңештерге (198 мандат)   2551 талапкер катталган. Шайлоо 41 жергиликтүү кеңештерде өтөт, алардын ичинен 21инде кезектеги жана 20сында мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Шайлоочулардын тизмелери КРнын Өкмөтү алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргеликте такталган.

А. Бекматов  ошондой эле  БШКнын мүчөлөрү, тийиштүү бөлүмдөрдүн жетекчилери 2017-жылы 28-майда өтө турган Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор өтө турган региондордогу аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларда болгон жумушчу жолугушуулар тууралуу айтып, шайлоо участокторунда добуш берүүгө даярдык канааттандыралык экенин кошумчалады.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, А. Бекматов  Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен экинчи каржылык отчетун-добуш берүү күнүнө 10 күн калганга чейин бербей, кечиктирип берген «Кыргызстан» , «Өнүгүү-Прогресс», Республика, «Бүтүн Кыргызстан»  жана «Ата-Журт» мекенчил» саясий партияларына   эскертүү берилгенин маалымдады.

Брифингдин акырында КР БШКнын төрагасынын орун басары  А. Бекматов үгүт иштери майда тартип бузуулар менен коштолуп жаткандыгын, шайлоо комиссиясы жана жумушчу тобу шайлоочулардын арыз даттанууларын оперативдүү түрдө кабыл алып, иштей тургандыгына токтолуп, шайлоо алдындагы үгүт иштери 2017-жылдын 27-майында добуш берүүгө 24 саат калганда токтоорун билдирди. 

 Ошондой эле А.Бекматов добуш берүү учурунда автоматтык саноо урнасынын маалыматы менен бирге  кол менен саноо жүргүзүлөөрүн, шайлоочуларды идентификациялоо боюнча биометрикалык маалымат бет түзүлүшүнүн жардамы менен да алынаарын  кошумчалады.

“Жергиликтүү кенештерге депутаттарды шайлоодо саясий партиялардын, талапкерлердин байкоочулары менен бирге Казакстан, Корея Республикасы, Украина, Монголия жана Индиядан келген эл аралык байкоочулар катышат”-деди А. Бекматов.

 

 

КР БШКнын Аппаратынын маалыматтык бөлүмү