Бүгүн Чүй облусунун Кемин районунда шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн жумушчу кеңешмеси болуп өттү.
23 мая 2017
2017-жылдын 23-майында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Б.Абдрахматова жана КР БШК мүчөсү Г.К.Джурабаева Чүй облусунун Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана Кемин району жана Кемин шаары боюнча участкалык комиссиялардын төрагалары жана катчылары менен жумушчу кеңешме өткөрүштү.
Жумушчу кеңешменин жүрүшүндө өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жаңы шайлоо моделин киргизүү боюнча тажырыйба, өткөн шайлоолор жана референдумдун анализин эсепке алуу менен
28-майына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо киргизилген жаңылыктар жана жакшыртуулар боюнча көптөгөн суроолор талкууланды.
Жумушчу кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендер:
-шайлоочунун жүзү боюнча биометрикалык маалымдарды идентификациялоонун жаңы системасы;
-партиялардын, депутаттыкка талапкерлердин жана көз карандысыз байкоочулардын катышуусу менен бюллетендерди кол менен саноону жүргүзүүнүн милдеттүү керектиги;
-катышып жаткан адамдардын бардыгына ар бир шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыгынын протоколдорун тапшыруунун милдеттүү керектиги;
-даттануу жана арыздар атайын реестринде шайлоо процессиндеги бардык кемчиликтерди милдеттүү чагылдыруу менен шайлоо процессинин катышуучуларынын арыздарына жана даттанууларына өз убактысында жооп берүүнүн милдеттүүлүгү.
Жумушчу кеңешменин акырында АШК жана УШК айрым мүчөлөрү КР БШКнын Ардак грамотасы менен сыйланды.
БШК Аппаратынын маалымат бөлүмү




