КР БШК Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районуна караштуу Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындады

19 мая 2017

КР БШКнын 19-майдагы заседаниесинде Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районуна караштуу Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону 2017-жылдын 2-июнунда саат 9дан 12ге чейин өткөрүү жөнүндө токтом кабыл алынды.

Андан тышкары Жалал-Абад облусундагы Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын жана Ош Облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын тутумуна өзгөртүүлөрдү  боюнча да токтом кабыл алынды.

Берген арызына байланыштуу Эмилбек уулу Тойчубек Токтогул (Бүтүн Кыргызстан саясий партиясынан) АШКсынан, Кара-Суу АШКсынан (Ак Шумкар саясий партиясынан)  Шананова А, Арстанбек уулу Жыргалбек (“Өнугуу-Прогресс саясий партиясынан”) чыгарылды.

Кайрылуунун негизинде  Турдиева Замиракан резервден Токтогул АШКсынын составына, Каштанова Юлия жана  Бердибекова Сырга (өзүн үзү башкаруу органынан)  Кара-Суу АШКсына  киргизилди.

Ошондой эле 2017-жылы 15-майда өткөн Жалал-Абад областынын Ала-Бука районундагы  Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө токтом кабыл алынды.  Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Дооранбек уулу Мунарбек шайланган.

 

БШК Аппаратынын маалымат бөлүмү