Башкы Жаңылыктар КР БШК төрагасы менен КР Өкмөтүнө караштуу Мамкаттоо …

КР БШК төрагасы менен КР Өкмөтүнө караштуу Мамкаттоо кызматынын төрагасынын биргелешкен маалымат жыйыны: “2016-жылдын 21-ноябрында айылдык кеңештерге депутаттыкка 18 599 талапкер каттоодон өттү, алар үгүт иштерин башташты”

25-Ноя, 2016

2016-жылдын 24-ноябрында маалымат жыйынынын жүрүшүндө КР БШК төрагасы Нуржан Шайлдабековажана Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасыТайырбек Сарпашев жыйындын катышуучуларын жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого жана референдумга даярдыктын жүрүшү менен тааныштырышты.

БШКнын маалыматына ылайык 2016-жылдын 21-ноябрында Кыргызстандынайылдык кеңештерине депутаттыкка талапкерлерди каттоо аяктады. Шайлоо 389 айылдык кеңеште мажоритардык тутум боюнча өтүүдө.Айылдык кеңештерге депутаттыкка көрсөтүлгөн талапкерлердин саны 18 904 адамды түздү. Алардын ичинен 3 938талапкер саясий партиялардан болсо, 14 966сы өзүн өзү көрсөткөндөр. Алардын ичинен 18 599талапкер каттоодон өттү.

Референдумга даярдыктын жүрүшү жөнүндө айтып, БШКнын төрагасыБШККРКонституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбооруна “макул” 9 топту, “каршы” 4 топту каттаганын эске салды. “Макул” жана “каршы” үгүт топторуна бирдей шарттарды камсыздоо максатында БШК мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында акысыз обо убактысын жана басма аянтын берүү боюнча чүчүкулак өткөрдү. Чүчүкулакка ылайык “макул” жана “каршы” топтору төмөнкү телеканалдарда чыгып сүйлөө үчүн мүмкүнчүлүк алышты: Коомдук телерадиокорпорация (КТРК) кечки убакка үгүт топторунун ортосунда тең бөлүштүрүү менен 180 минут обо убактысын, «ЭлТр»  мамлекеттик телеканалы ошондой эле шартта 270минут обо убактысын берди. Биринчи радиоүгүт топторуна 900минут обо убактысын бөлдү. Аталган радиодо уктуруулар үгүт топторунун катышуусу менен күн сайын саат 12 00дөн13 00гө чейин өткөрүлүүдө. Радиодогу жана телекөрсөтүүдөгү уктуруу-көрсөтүүлөр 2016-жылдын 21-ноябрында башталды.

«Эркин Тоо» жана «Кыргыз Туусу»мамлекеттик басылмалары үгүт топторунун пикирин чагылдырган макалаларды басуу үчүн ар бири бир беттен орун беришти, 2016-жылдын 10-декабрына чейин аталган гезиттер4 санчыгарат.

Акысыз обо убактысын жана басма аянтын берүү графиги менен www.shailoo.gov.kg сайтынан кыйла кеңири таанышууга болот.

 

КР БШК басма сөз кызматы

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>