БШКнын кезектеги жыйынында референдум боюнча үгүт топтору катталды
17 ноября 2016
КР БШКнын кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси боюнча “макул” үгүт топторун каттоо жөнүндө чечим кабыл алынды.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын референдумунда үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун сунушу менен төрт “макул” үгүт тобун каттоо жөнүндө чечим кабыл алынды.
Буга чейин - 14-ноябрда БШКнын жыйынында катар номур берүү менен төмөнкү үч “каршы” үгүт тобун жана бир “макул” үгүт тобун каттоо жөнүндө чечим кабыл алынган:
№ 1 “каршы” үгүт тобу - Керимбеков Б., курамында 10 адам;
№ 2 “каршы” үгүт тобу – Карасартова Р., курамында 11 адам;
№ 3 “каршы” үгүт тобу – Наргозуев Б., курамында 11 адам;
№ 1 “макул” үгүт тобу – Айтмамбетов И., курамында 11 адам.
БШК кезектеги жыйында Кыргыз Республикасынын референдумунда үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун чечимин колдоп, катар номур берүү менен төмөнкү “макул” үгүт топторун каттады:
№ 2 “макул” үгүт тобу - Усубалиев Т., курамында 49 адам;
№ 3 “макул” үгүт тобу – Горбунов П., курамында 12 адам;
№ 4 “макул” үгүт тобу – Байышов Н., курамында 25 адам;
№ 5 “макул” үгүт тобу – Кылычев А., курамында 14 адам.
Арыз ээси мамлекеттик кызматчы статусуна ээ экендигине байланыштуу “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” конституциялык мыйзамынын талаптарына ылайык келбегендиктен, КР БШКнын мүчөлөрү А. Жамгырчиевдин үгүт тобун каттоодон баш тартышты. Ошентип, 2016-жылдын 15-ноябрына карата 8 үгүт тобу (3 “каршы” топ, 5 “макул” топ) катталды.
Ошондой эле, жыйында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Кыргызстан” саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча шайланган депутаттары Исакунова Таалайкүл Базаркуловнанын жана Султанбекова Чолпон Аалыевнанын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынды.
Бул чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 11-ноябрындагы Т.Б. Исакунованы Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри жана Ч.А. Султанбекованы Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматтарына дайындоо жөнүндө Жарлыгынын негизинде кабыл алынды.
КР БШКнын басма сөз кызматы
