Башкы Жаңылыктар БШКнын “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз …

БШКнын “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдумдун (жалпы элдик добуш берүүнүн) бардык уюштуруучуларына жана катышуучуларына КАЙРЫЛУУСУ

08-Ноя, 2016

Урматтуу жарандар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын референдумунун катышуучулары!

Эгемендиктин ээси жана мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналган Кыргызстандын элинин эркин билүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктун жана 114-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору боюнча референдумду (жалпы элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Мыйзамды кабыл алган. Аталган Мыйзамдын 1-беренесине ылайык референдум (жалпы элдик добуш берүү) Кыргыз Республикасынын бардык аймагында 2016-жылдын 11-декабрына, жекшембиге дайындалган. Көрсөтүлгөн Мыйзамдын 3-беренеси менен добуш берүү үчүн бюллетенге киргизилүүчү суроону төмөнкүдөй берүү бекитилген: “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан долбоору референдумга (жалпы элдик добуш берүүгө) чыгарылган “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын. “ООБА”, “ЖОК” (тандап алынган квадраттагы жоопко тиешелүү белгини коюңуз)”.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара тыгыз аракеттенүү аркылуу референдумду уюшкандыкта өткөрүүнү, мыйзамдардын сакталышын контролдоону камсыз кылуу, аны даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө коомчулукка системалуу түрдө маалымат берип туруу тапшырылган.

Мында, референдум жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо бир күндө - 2016-жылдын 11-декабрында өткөрүлөт. Референдумда жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жаңы шайлоо техноллогиялары – шайлоочуларды биометрикалык маалыматтар боюнча иденттештирүү жана добуштарды автоматтык эсептөөчү урналарды колдонуу менен саноо (АСУ) пайдаланылат, алар башка шайлоочу үчүн добуш берүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат жана шайлоочулардын добуштарын эсепке алуунун аныктыгын камсыз кылат.

Референдумду жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоочулардын эки тизмеси түзүлөт. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүүгө укугу бар шайлоочулардын тизмеси бул - шайлоо өткөрүлүп жаткан тийиштүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү болуп эсептелген 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары.

Референдумдун катышуучуларынын тизмеси бул – каттоо белгисине ылайык же шайлоо дареги жөнүндө арызы боюнча (Форма №2) тиешелүү участкадагы референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилген 18 жашка толгон, Кыргыз Республикасынын бардык жарандары референдумда добуш берүүгө укуктуу. Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары! Кыргыз Республикасынын Конституциясында Кыргызстандын эли мамлекеттик бийликтин бирден бир булагы болуп эсептелери жана өз бийлигин шайлоолордо жана референдумдарда, ошондой эле Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар тутуму аркылуу ишке ашыраары белгиленген.

Референдум эркин шайлоолор менен катар эл бийлигин түздөн-түз чагылдыруу болуп эсептелет. Референдум Кыргыз Республикасынын бардык аймагында өткөрүлөт. Референдумдун катышуучуларынын укуктарын ишке ашыруу, аларды тактоо, өзүлөрү жөнүндө маалымдар менен тааныштыруу, ошондой эле добуш берүүнү өткөрүү максатында ар бир участок боюнча референдумга катышуу укугуна ээ жарандардын тизмеси (референдумга катышуучулардын тизмеси) түзүлөт. Референдумду өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынан тышкары жерлерде жашаган же турган жарандардын референдумга катышуу укугу дипломатиялык өкүлдүктөр жана консулдук мекемелер аркылуу тышкы иштерди жүргүзгөн мамлекеттик орган камсыз кылат.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде жашаган же турган, консулдук эсепте турган жарандар Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин аймагында гана добуш беришет. Референдумда шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүндө активдүү шайлоо укугуна ээ болгон жана “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн баардык жарандар киргизилет. Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар бул жол-жободон биометрикалык каттоону чогултуу пункттарынын даректерине ылайык жашаган жери боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын органдарында өтө алышат.

Референдумдун катышуучуларынын тизмеси жакын арада шайлоо участкаларында илинет, ал жерден сиздер өзүңөр жөнүндө маалымдарды тактай аласыздар. Ошондой эле, бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүн шайлоочулардын тизмесинде www.shailoo.srs.kg. порталында текшере алышат, же 119 номуру боюнча (шыңгыратуу акысыз) Мамлекеттик каттоо кызматынын колл-борборуна кайрыла алышат. Түрдүү катачылыктар жана так эместиктер табылган учурда, ошондой эле Сиз шайлоочулардын тизмесинде болбой калганда, референдумда добуш берүү күнүнө чейин 15 календарлык күндөн кечиктирбестен б.а 2016-жылдын 26-ноябрына чейин тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына (форма №3 боюнча) ID-картанын көчүрмөсүн, ал эми Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана турган адамдар үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун көчүрмөсү тиркелген арыз менен кайрылууга укуктуусуз. Аталган арыз участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кароо үчүн токтоосуз жөнөтүлөт.

Биометрикалык маалымдары жок болгон учурда жаран ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга биометрикалык каттоодон өтүү үчүн жиберилет. Ошондой эле, ар бир шайлоочу добуш берүү күнүнө 15 календарлык күндөн кечиктирбестен б.а. 2016-жылдын 26-нобярына чейин тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун (ID-карта) көчүрмөсүн, ал эми Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган адамдар үчүн - Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун көчүрмөсүн тиркөө менен белгиленген үлгүдөгү арызды (форма №2) берүү аркылуу шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниетин билдирүүгө укуктуу. Добуш берүү күнүндө референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилген жарандар гана добуш берүү укугуна ээ экендигин эскертебиз. Эгерде Сиз жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине киргизилсеңиз, анда биометрикалык иденттештирүүдөн өткөндөн кийин эки бюллетень аласыз (жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн бюллетень жана референдумда добуш берүү үчүн бюллетень). Эгерде Сиз шайлоо өткөрүлүп жаткан тийиштүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү болбосоңуз, анда биометрикалык иденттештирүүдөн өткөндөн кийин Сиз бир бюллетень (референдумда добуш берүү үчүн бюллетень) аласыз.

Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган же соттун өкүмү боюнча эркиндигиен ажыратылган жерлерде кармалып турган Кыргыз Республикасынын жараны референдумга катышуу укугуна ээ эмес. Урматтуу аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү! “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” конституциялык Мыйзамда белгиленген референдумду даярдоону жана өткөрүүнү, Кыргыз Республикасынын жарандарынын референдумга катышуу укуктарын ишке ашырууну жана коргоону төмөнүлөр жүзөгө ашырат: - Борбордук шайлоо комиссиясы; - шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча аймактык (райондук, шаардык) шайлоо комиссиялары (мындан ары – аймактык шайлоо комиссиялары); - шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча участкалык шайлоо комиссиялары жана референдумга катышуу укугу бар жарандардын убактылуу келген жерлеринде түзүлгөн участкалык шайлоо комиссиялары (мындан ары – участкалык шайлоо комиссиялары).

Аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялары шайлоочулардын тизмесин жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин тактоо боюнча биринчи кезектеги чараларды көрүүлөрү, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана референдумда жарандардын катышуу тартиби жана добуш берүү процедурасы боюнча маалыматтык–түшүндүрүү иштерин жүргүзүүлөрү зарыл. Референдумдун участкалары, алардын схемалары жана чек аралары шайлоо жана шайлоо комиссиялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилерин эскертебиз. Шайлоо комиссиялары референдумду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” конституциялык Мыйзамды бузуулар жөнүндө аларга түшкөн кайрылууларды өз ыйгарым укуктарынын чектеринде кароого, ошол кайрылуулар боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жана кайрылууларга жазуу жүзүндө, бирок добуш берүү күнүнүн мурдагы күнүнөн кечиктирбестен 5 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү - жоопторду токтоосуз берүүгө милдеттүү.

Урматтуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү! “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” конституциялык Мыйзамга ылайык, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоо комиссияларына алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө: - зарыл жабдууларды, транспорт каражаттарын берүүгө; - жайларды, анын ичинде технологиялык жабдууларды (стенддерди, үкөктөрдү, добуш берүүчү кабиналарды ж.б.), референдум өткөрүү боюнча документтерди жогору турган шайлоо комиссиясына же архивге бергенге чейин сактоо үчүн жайларды берүүгө, алардын кайтарылышын камсыз кылууга; - телефондук, интернеттик байланышты, электр менен камсыздоого (жарык берүү системасы альтернативдүү жарык берүү булагына ээ болушу керек) жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга; - зарыл маалыматтарды жана материалдарды берүүгө; - шайлоо комиссияларынын референдумду даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан кайрылууларына жоопторду кечиктирбестен берүүгө, тийиштүү маселени кошумча иликтөө же текшерүү зарыл болгондо - 3 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү - токтоосуз жооп берүүгө милдеттүү. “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 30-беренесинин 5-пунктуна ылайык “добуш берүү үчүн жай ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жеткиликтүү болууга тийиш. Пандустардын жана кармагычтардын болушу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын добуш берүүсү үчүн жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу ыкмаларынын бири болуп саналат”. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына шайлоочулардын тизмесин жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин тактоо маселелерине, жарандардын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана референдумга катышуу тартиби жана добуш берүү жол-жобосу боюнча маалыматтык–түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө көмөктөшүүгө милдеттүү.

Үгүт мезгилинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары «макул» топторуна, «каршы» топторуна чогулуштарды жана жарандар менен жолугушууларды, көпчүлүк алдындагы кайым айтышууларды жана талкууларды, митингдерди, демонстрацияларды, көчө жүрүштөрүн уюштурууга көмөктөшүүгө, жапырт иш-чараларды өткөрүүдө коопсуздукту камсыз кылууга милдеттүү. Мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган жайлар үгүт топторунун арызы боюнча менчиктин ээси, кожоюну тарабынан шайлоо комиссиялары белгилеген убакытка үгүт топторуна жарандар менен жолугушуулар үчүн акысыз берилет. Ошондой эле, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары референдумду өткөрүү боюнча аймактык комиссияларынын сунуштары боюнча референдум дайындалган күндөн баштап 10 календарлык күндүн ичинде б.а. 2016-жылдын 14-ноябрына чейин ар бир участканын аймагында басылма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн атайын жайларды бөлүп жана жабдуулап берүүгө милдеттүү. Урматтуу жарандар, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү! Үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары референдумга чыгарылган маселе боюнча “макул” тобун же “каршы” тобун түзүүгө укуктуу. Аталган топтор Борбордук шайлоо комиссиясына каттоо жөнүндө өтүнүч менен кайрылышат, анда топтун мүчөлөрүнүн, ошондой эле, топтун атынан аракеттенүүгө ыйгарым укуктуу адамдардын фамилиялары, аты, атасынын аты, туулган датасы, жашаган жеринин дареги, паспортунун же аны алмаштыруучу документтин сериясы жана номуру көрсөтүлүүгө тийиш.

Борбордук шайлоо комиссиясы 10 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен үгүт боюнча топту каттайт. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан катталгандан кийин демилгелүү топ, «макул» жана «каршы» топтору финансы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү дайындоого милдеттүү. Ыйгарым укуктуу өкүлдөр катталгандан кийин демилгелүү топ, «макул» тобу, «каршы» тобу референдумду демилгелөө боюнча кампанияны, референдум кампаниясынын жүрүшүндө үгүттү каржылоо үчүн өз фонддорун түзүшөт. Референдумга чыгарылган маселе боюнча үгүт добуш берүү күнүнө 24 саат калганга чейин токтотулат. Референдум маселелери боюнча үгүт төмөнкүдөй жүргүзүлүшү мүмкүн: 1) телерадио берүү уюмдарынын каналдарында жана мезгилдүү басылмалардын беттеринде; 2) массалык иш-чараларды жүргүзүү аркылуу (колдонуудагы мыйзамга ылайык чогулуштарда, жолугушууларда, көпчүлүк алдындагы кайым айтышууларда жана талкууларда, митингдерде, демонстрацияларда, көчө жүрүштөрүндө); 3) басма сөз, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таркатуу аркылуу. Мамлекеттик телерадио уюмдары референдумга чыгарылган маселе боюнча үгүт жүргүзүү үчүн «макул» топко, «каршы» топко бирдей шарттарды камсыз кылууга милдеттүү. «Макул» топ, «каршы» топ мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында обо убактысын акысыз алуу укугуна ээ.

Аталган обо убактысы теле жана радио программалар эң көп аудитория чогулткан мезгилге - саат 20.00 дөн 24.00гө чейинки мезгилге туура келиши керек. Мамлекеттик басма сөз басылмаларынын редакциялары референдумга чыгарылган (чыгарылуучу) маселелер боюнча үгүт жүргүзүү үчүн А4 форматынын бир бетинин өлчөмүнөн азайтпастан “макул” тобуна жана “каршы” тобуна басма аянттарын акысыз бирдей шартта камсыз кылууга милдеттүү. Мамлекеттик эмес басма сөз басылмалары “макул” тобуна, “каршы” тобуна басма басма аянтын акы үчүн бирдей негизде берүүгө милдеттүү. Мында басма аянтынын наркы референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө киргенге чейин 6 ай мурда алынып келген нарктан ашпаш керек. Телерадио уюмдарынын каналдарындагы обо убактысы «макул» тобуна, «каршы» тобуна бирдей негизде топтун өз фондунан акы төлөө менен, ал эми “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” конституциялык мыйзамда каралган учурларда акысыз берилет. Үгүткө катышуу үчүн обо убактысына, басма аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана шарттары жөнүндө маалыматтар тийиштүү телерадио уюмунун, мезгилдүү басма сөз басылмасынын редакциясы тарабынан референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө киргенден 10 календарлык күндөн кечиктирбестен б.а 2016-жылдын 14-ноябрына чейин референдумга чыгарылган маселе боюнча үгүт жүргүзүү үчүн обо убактысын, басма аянтын берүүгө даярдыгы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына билдирүү менен жарыялоого милдеттүү.

Борбордук шайлоо комиссиясында акредиттөөдөн өткөндөн кийин жалпыга маалымдоо каражаттары үгүткө катышуу укугуна ээ. Обо убактысын берүү үчүн төлөмдүн өлчөмү «макул» тобу жана «каршы» тобу үчүн бирдей болушу керек. «Макул» тобуна, «каршы» тобуна берилген төлөнүүчү обо убактысынын наркы референдум дайындалган күнгө чейин 6 ай мурда алынып келген нарктан ашпаш керек. «Макул» тобунун жана «каршы» тобунун сүйлөп жаткан сөздөрүн бөлүүгө жана аларды кандайдыр бир чечмелөөлөр менен коштоого тыюу салынат. Мамлекеттик, муниципалдык кызматчыларга, аскер кызматчыларына алар кызматтын аткаруу мезгилинде, кайрымдуулук уюмдарына жана диний бирикмелерге; шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө; чет мамлекеттердин жарандарына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына, уюмдарына жарандыгы жок адамдарга; эл аралык уюмдарга жана эл аралык коомдук кыймылдарга үгүт жүргүзүүгө, кандай гана болбосун үгүт материалдарын таратууга тыюу салынат. Үгүт жүргүзүүдө социалдык, диний, расалык, улуттук көрө албастыкты жана душмандыкты козгогон, бийликти басып алууга, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузууга, согушту пропагандалоого чакырган, башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин сүрөтүн, фото жана көрмө материалдарын үгүт жүргүзүүдө пайдаланууга тыюу салынат.

Референдумду өткөрүү боюнча комиссиялардын ишинде айкындыкты жана шайлоо стандарттары боюнча эл аралык милдеттемелерди сактоонун алкагында, мыйзам менен референдумдун жүрүшүн көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү жергиликтүү, эл аралык байкоочуларга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына берилет. “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” конституциялык мыйзамда жергиликтүү жана эл аралык байкоочулардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн укуктары жана милдеттери, ошондой эле аларды дайындоо жана аккредиттөө тартиби кенен жазылган. Урматтуу жарандар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын референдумунун катышуучулары! Референдум - бул мамлекет үчүн жана ар бир жаран үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алууга элди катыштыруунун бир ыкмасы, ал эми мыйзам долбоорлорун жалпы элдик добуш берүүгө чыгаруу учурунда референдум - элдин түздөн-түз укукт чыгаруучулугун көрсөтөт.

Шайлоолорду жана референдумдарды уюштуруу деңгээлинде б.а баардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларында жаңы технологияларды киргизүү менен шайлоого катышууну жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалоо мүмкүнчүлүктөрү жоюлган. Бул технологияларды референдумду өткөрүүдө пайдалануу жалпы улуттук добуш берүү адилет жана таза болушуна маанилүү кадам болмокчу, анда өлкөнүн ар бир жаранынын добушу эсепке алынат жана так саналат. Референдумга тиешелүү келип чыккан баардык маселелери боюнча Сиздер шайлоо комиссияларына жана Борбордук шайлоо комиссиясынын коомдук кабылдамаларына кайрыла аласыздар, алар төмөндөгү даректер жана телефондор боюнча Бишкек жана Ош шаарларында уюштурулган: Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 59, 101-кабинет, тел. +(996 312) 66 02 40, Ош шаары, Ленин көчөсү, 221, 9-кабинет, тел. 0550 12 06 41. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы өз тарабынан, өз ишин мыйзамдуулуктун, айкындуулуктун, көз карандысыздыктын жана адилеттүүлүктүн принциптеринде ишке ашыруу менен референдумдун баардык катышуучуларына эшиги ачык.

Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы референдумду мыйзамга ылайык өткөрүү максатында референдумдун баардык уюштуруучуларын жана катышуучуларын мыйзамдардын ченемдерин так сактоого, рефрендумдун башка катышуучулары менен өз ара биримдикте аракеттенүүгө, өз ара урматтоону жана чыдамкайлыкты көрсөтүүгө чакырат.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

 

 

     

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү
23-Сен, 2026

Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын бүгүн, 23-сентябрдагы жыйынында 2025-жылдын 11-июлундагы № 35 “Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын, Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:         № 5067 шайлоо участогунун дареги Ош облусу, Өзгөн району, Баш-Дөбө айыл аймагы, Кашка-Терек айылы, М. Карагулов көчөсү, 30, Кашка-Терек айылынын чайханасынын имараты дарегинен Баш-Дөбө айыл аймагы, Кашка-Терек айылы, А. Алимканов көчөсү, 1, К. Кулматов атындагы орто мектептин имараты дарегине;         № 5068 шайлоо участогунун дареги Ош облусу, Өзгөн району, Баш-Дөбө айыл аймагы, Кызыл-Кырман айылы, М. Темиров көчөсү, 11, спорт залынын имараты дарегинен Баш-Дөбө айыл аймагы, Кызыл-Кырман айылы, М. Темиров көчөсү, 1, М. Базаркулов атындагы № 43 орто мектептин имараты дарегине;         № 5069 шайлоо участогунун дареги Ош облусу, Өзгөн району, Баш-Дөбө айыл аймагы, Кеңеш айылы, К. Иметов көчөсү, 2, спорт залынын имараты дарегинен Баш-Дөбө айыл аймагы, Кеңеш айылы, К. Иметов көчөсү, 1, “Майрамкан апа” балдар бакчасынын имараты дарегине;         № 5042 шайлоо участогунун дареги Ош облусу, Өзгөн району, Кызыл-Октябрь айыл аймагы, Эски-Покровка айылы, О. Акматов көчөсү, 10, К. Ташиев атындагы № 62 лицейдин имараты дарегинен Кызыл-Октябрь айыл аймагы, Эски-Покровка айылы, К. Сайпидинов көчөсү, 42, Б. Шамшиев атындагы маданият үйүнүн имараты дарегине;         № 5581 шайлоо участогунун дареги Ош облусу, Өзгөн району, Салам-Алик айыл аймагы, Карчабек айылы, А. Нурматов көчөсү, 1, ФАПтын имараты дарегинен, Салам-Алик айыл аймагы, Карчабек айылы, Т. Кушбаков көчөсү, н/ж, Карчабек негизги билим берүү мектебинин имараты дарегине;№ 8031 шайлоо участогунун дареги Баткен облусу, Лейлек району, Тогуз-Булак айыл аймагы, Кара-Булак айылы, Лейлек-70 көчөсү, 12/7, маданият үйүнүн имараты дарегинен Тогуз-Булак айыл аймагы, Кара-Булак айылы, Кара-Бий көчөсү, 6, Кара-Булак жалпы билим берүү мектебинин имараты дарегине;         № 8033 шайлоо участогунун дареги Баткен облусу, Лейлек району, Тогуз-Булак айыл аймагы, Айбике айылы, Азиреткул көчөсү, 8/1, маалымат борборунун имараты дарегинен Тогуз-Булак айыл аймагы, Айбике айылы, Абдураут көчөсү, 23, Маданият билим берүү мектебинин имараты дарегине өзгөртүлдү.         Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы Баш-Дөбө, Кызыл-Октябрь, Салам-Алик айыл аймактарынын айыл өкмөттөрү менен биргеликте, Лейлек аймактык шайлоо комиссиясы Тогуз-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү менен биргеликте шайлоочулар арасында № 5067, 5068, 5069, 5042, 5581, 8031, 8033 шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө, анын ичинде тиешелүү шайлоо участокторунун чек аралары жана жайгашкан жерлери өзгөргөндүгү жөнүндө түшүндүрүү ишин жүргүзүү тапшырылды. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана резервин жүргүзүү тартиби бекитилди
23-Сен, 2026

Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана резервин жүргүзүү тартиби бекитилди

Бүгүн, 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу” жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди. Кабыл алынган өзгөртүүлөргө ылайык, талапкерлерден маалыматтарды кабыл алуу форматы жөнөкөйлөтүлүп, бирдиктүү тартипке келтирилди. Ошондой эле шайлоону уюштурууда жарандардын ишенимин бекемдөө, комиссия мүчөлөрүнүн калыстыгын, көз карандысыздыгын жана саясий бейтараптуулугун камсыз кылуу боюнча тийиштүү формалары бекиди.Мындан тышкары, документ жүгүртүүнү оптималдаштыруу жана ашыкча документтештирүүнү кыскартуу алкагында айрым практикалык ченемдер такталды. Жобо колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерине толук шайкеш келтирилди.Ошондой эле шайлоо комиссиялардын сандык курамы такталды жана Кыргыз Республикасынын шайлоо комиссиялары жөнүндө мыйзамдын талаптарына шайкеш келтирилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы бир катар шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү
23-Сен, 2026

КР БШКсы бир катар шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү

Бүгүн, 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Кызыл-Алма айылынын № 2383 шайлоо участогунун схемалары жана чек аралары, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Ак-Булак айылынын № 2024 шайлоо участогунун схемаларына жана чек араларына кошулду.Ошондой эле, бир катар шайлоо участокторунун даректерине өзгөртүүлөр киргизилди:Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын З.Кутманов, 19 көчөсүндө “Рахат” бала бакчасынын имаратында жайгашкан № 2211 шайлоо участогунун дареги Майлуу-Суу шаары, З.Кутманов көчөсү, 20 Ю.А. Гагарин атындагы № 54 орто мектебинин имараты дарегине өзгөртүлдү;№ 2170 шайлоо участогунун дареги Жалал-Абад облусу, Ноокен району, Д. Садырбаев айыл аймагы, Масы айылы, И. Турдумбетов көчөсү, 55а спорт мектебинин имараты дарегинен Садырбаев айыл аймагы, Масы айылы, И. Турдумбетов көчөсү, 55/1 Ж. Бөкөнбаев атындагы № 1 орто мектептин имараты дарегине өзгөртүлдү;№ 2192 шайлоо участогунун дареги Жалал-Абад облусу, Ноокен району, Кочкор-Ата шаары, Ленин көчөсү, 4/1 “Кочкоратаайылкурулуш” ААКнын имараты дарегинен Кочкор-Ата шаары, Ломоносов көчөсү, 14 “Ландыш” балдар бакчасынын имараты дарегине өзгөртүлдү;№ 2306 шайлоо участогунун дареги Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кербен шаары, Ленин көчөсү, 23/1 Т. Үмөталиев атындагы орто мектептин имараты дарегинен Кербен шаары, Т. Үмөталиев көчөсү, 145 Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн имараты дарегине өзгөртүлдү;№ 2416 шайлоо участогунун дареги Жалал-Абад облусу, Аксы району, Үч-Коргон айыл аймагы, Кызыл-Жар айылы, Чолпонбай көчөсү, 27 Ы. Солпиев атындагы орто мектептин имараты дарегинен Үч-Коргон айыл аймагы, Кызыл-Жар айылы, Ж. Исакеев көчөсү, н/ж, Ы. Солпиев атындагы орто мектептин имараты дарегине өзгөртүлдү;№ 2208 шайлоо участогунун дареги Жалал-Абад облусу, Ноокен району, Шамалдуу-Сай шаары, Ч. Айтматов көчөсү, 1 К. Осмонкулов атындагы № 55 орто мектептин имараты дарегинен Шамалдуу-Сай шаары, Нарын көчөсү, 3 “Үмүт” балдар бакчасынын имараты дарегине өзгөртүлдү;№ 3100 шайлоо участогунун дареги Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Хан-Теңири айыл аймагы, Качыбек айылы, Ленин көчөсү, 32 айылдык клубдун имараты дарегинен Хан-Теңири айыл аймагы, Качыбек айылы, Ленин көчөсү, 43а Качыбек орто мектебинин имараты дарегине өзгөртүлдү;№ 3102 шайлоо участогунун дареги Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Хан-Теңири айыл аймагы, Совет айылы, Сартбай көчөсү, 59а “Кызыл-Кия” орто мектебинин эски имараты дарегинен Хан-Теңири айыл аймагы, Совет айылы, Үсөнкан көчөсү, 6а “Кызыл-Кия” орто мектебинин жаңы имараты дарегине өзгөртүлдү;№ 3104 шайлоо участогунун дареги Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Хан-Теңири айыл аймагы, Ак-Булуң айылы, Торгоев көчөсү, 44 айылдык клубдун имараты дарегинен Хан-Теңири айыл аймагы, Ак-Булуң айылы, Ажына көчөсү, 24 Ы. Туманов атындагы орто мектептин имараты дарегине өзгөртүлдү;№ 3092 шайлоо участогунун дареги Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Каракол айыл аймагы, Тепке айылы, К. Жантөшев көчөсү, 12 айыл өкмөтүнүн имараты дарегинен Каракол айыл аймагы, Тепке айылы, Абдыбек көчөсү, 1 К. Жантөшев атындагы орто мектептин имараты дарегине өзгөртүлдү;№ 3097 шайлоо участогунун дареги Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Каракол айыл аймагы, Орлиное айылы, Кандала көчөсү, 36 Омельченко атындагы орто мектептин эски имараты дарегинен Каракол айыл аймагы, Орлиное айылы, Кандала көчөсү, 27 Омельченко атындагы орто мектептин жаңы имараты дарегине өзгөртүлдү;№ 3134 шайлоо участогунун дареги Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Алтын-Арашан айыл аймагы, Бөрү-Баш айылы, Ленин көчөсү, 38 айылдык клубдун имараты дарегинен Алтын-Арашан айыл аймагы,         Бөрү-Баш айылы, Ленин көчөсү, 36 айыл өкмөтүнүн имараты дарегине өзгөртүлдү;№ 3110 шайлоо участогунун дареги Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Кыдыр-Аке айыл аймагы, Кайырма-Арык айылы, Ашымканов көчөсү, 32/3 жаштар борборунун имараты дарегинен Кыдыр-Аке айыл аймагы, Кайырма-Арык айылы, Ашымканов көчөсү, 32 А. Деркембаев атындагы орто мектептин имараты дарегине өзгөртүлдү;№ 3120 шайлоо участогунун дареги Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Кыдыр-Аке айыл аймагы, Ак-Суу айылы, Шапак баатыр көчөсү, н/ж “Заря” үрөнчүлүк айыл чарба кооперативинин имараты дарегинен Кыдыр-Аке айыл аймагы, Ак-Суу айылы, Кыдыр-Аке көчөсү, 54 А. Атабаев атындагы маданият үйүнүн имараты дарегине өзгөртүлдү; № 3179 шайлоо участогунун дареги Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Оргочор айыл аймагы, Аң-Өстөн айылы, Б. Ибраев көчөсү, 84 маданият үйүнүн имараты дарегинен Оргочор айыл аймагы, Аң-Өстөн айылы, Б. Ибраев көчөсү, 30 Ы. Сооронбаев атындагы орто мектептин имараты дарегине өзгөртүлдү;№ 3214 шайлоо участогунун дареги Ысык-Көл облусу, Тоң району, Күн-Чыгыш айыл аймагы, Бөкөнбаев айылы, Ш. Аламанов көчөсү, 20 Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектептин имараты дарегинен Күн-Чыгыш айыл аймагы, Бөкөнбаев айылы, Манасчы Мамбет көчөсү, 24 Т. Океев атындагы райондук маданият үйүнүн имараты дарегине өзгөртүлдү;Сузак, Майлуу-Суу, Ноокен, Аксы, Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Тоң аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулар арасында шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына киргизилген өзгөртүүлөр, анын ичинде тиешелүү шайлоо участокторунун чек аралары жана алардын жайгашкан жерлери өзгөргөндүгү жөнүндө маалымдоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Кененирээк билүү >>
КР Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу тартиби жана “Кол чогултуу” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жоболор бекиди
23-Сен, 2026

КР Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу тартиби жана “Кол чогултуу” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жоболор бекиди

Бүгүн, 23-сентябрда КР Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу тартиби жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кол чогултуу” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө” жоболор бекитилди.Жобого ылайык колдорду чогултуу “Кол чогултуу” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу, “Түндүк” мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын жардамы менен жүргүзүлөт.“Түндүк” порталы аркылуу шайлоочунун инсандыгы электрондук түрдө ырасталып, ал тандалган талапкерди колдоосун билдире алат. Колдоо катталгандан кийин тиешелүү маалыматтар, ошондой эле колдоону билдирген күн жана убакыт маалыматтык тутумда автоматтык түрдө катталат.Электрондук форматка өтүү колдорду чогултуу жана эсепке алуу процессин автоматташтырууга, кагаз документ жүгүртүүнү азайтууга, убакытты үнөмдөөгө жана техникалык каталардын тобокелдигин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.Мындан тышкары, талапкерлер үчүн чогултулган колдордун саны тууралуу маалыматтарды ыкчам алуу жана кол чогултуу процессинин ачыктыгын камсыз кылууга шарт түзөт.Шайлоочулардын колдорун чогултуу жол-жобосун электрондук форматка өткөрүү – шайлоо процессинде заманбап санариптик технологияларды колдонуу, ошондой эле шайлоочулардын колдорун чогултуунун, каттоонун, эсепке алуунун жана кол коюу барактарын түзүүнүн бирдиктүү тартибин белгилөөгө мүмкүндүк берет. 
Кененирээк билүү >>