КР БШК: референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүнүн) участокторунун схемалары менен чек аралары бекитилди жана “Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдөгү үгүт жүргүзүүнүн эрежелери жана тартиби жөнүндө” жобо кабыл алынды
07 ноября 2016
БШКнын кезектеги жыйынында референдумду уюштуруунун жана өткөрүүнүн алкагында бир катар чечимдер кабыл алынды: 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) участкаларынын схемалары жана чек аралары бекитилди жана “Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдөгү үгүт жүргүзүүнүн эрежелери жана тартиби жөнүндө” жобо кабыл алынды.
Ошондой эле, жыйында Бишкек, Жалал-Абад облусунун Ноокен, Тогуз-Торо, Баткен облусунун Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү кеңештин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдери бекитилди.
БШК “Бир Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчил саясий партиясынан Орозова Нуржамал Базарбаевнаны жана “Кыргызстан” саясий партиясынан Арпачиева Төлөгүл Батыркановнаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды.
КР БШКнын басма сөз кызматы
