Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын саясий партияларга, Бишкек шаарынын шайлоочуларына, коомдук жана коммерциялык эмес уюмдарга, Бишкек шаардык кеңешке КАЙРЫЛУУСУ
02 ноября 2016
Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамын аткаруу алкагында жана Бишкек шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 4-ноябрындагы №АР02/1401 сунушунун негизинде, анык жашаган жери боюнча каттоосу жок жарандарга 2016-жылдын 11-декабрындагы референдумда добуш берүү үчүн шарттарды түзүү максатында, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан референдум участкаларын түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды (1-тиркеме).
2016-жылдын 4-ноябрынан тартып саясий партиялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдан – Бишкек шаардык кеңешинен референдум участкалардын комиссияларынын курамдарына өкүлдөрдү көрсөтүү башталат.
Комиссиялардын курамдарын түзүүдө саясий партиялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү орган – Бишкек шаардык кеңеши жарандардын комиссиялардын курамдарына көрсөтүүгө макулдугун эсепке алуу зарыл.
Көрсөтүүчү субъекттер комиссиянын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калктуу пункттун аймагында жашагандыгын эсепке алуу зарыл.
Комиссиялардын курамдарына жарандардын чогулушунан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор чогулуштун төрагасынын жана катчысынын колтамгалары менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Протоколго чогулуштун катышуучуларынын жашаган жери көрсөтүлгөн, алардын колтамгалары коюлган тизмеси тиркелиши керек.
Саясий партиялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдын протоколуна төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:
- референдум комиссиянын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арыз жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоого милдттенме;
- копия паспорттун көчүрмөсү;
- окуган, иштеген жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянынын маалыматтары (кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы же резюме);
- байланыш малыматтары: жашаган жеринин дареги, телефондору, электрондук дарек
Референдум участкалардын комиссиялардын курамдарына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор Бишкек аймактык шайлоо комиссиясында 2016-жылдын 9-ноябрында саат 18.00гө чейин кабыл алынат.
Референдум участкалардын комиссиялардын курамдарына жарандардын чогулушунан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор Бишкек аймактык шайлоо комиссиясында 2016-жылдын 8-ноябрында саат 18.00гө чейин кабыл алынат.
Маалымат үчүн телефондор: Бишкек шаардык кеңеш - 61 04 32, 61 32 65 –
Бишкек АШК - 62 08 24
