Башкы Жаңылыктар БШК эл аралык өнөктөштөр менен координациялык жолугушуу өткөрдү

БШК эл аралык өнөктөштөр менен координациялык жолугушуу өткөрдү

21-Окт, 2016

БШК эл аралык өнөктөштөр менен координациялык жолугушуу өткөрдү

 

20-октябрда КР БШК менен эл аралык өнөктөштөрдүн координациялык жолугушуусу өтүп, анда тараптар алдыда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо кызматташуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө пикир алмашты.

КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова өзүнүн куттуктоо сөзүндө Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы бүгүнкү күнгө карата жаңы технологияларды киргизгенин, мисалы, 2015-жылы Жогорку Кеңешке, ошондой эле 2016-жылдын жазында жергиликтүү кеңештерге шайлоодо автоматтык саноочу урналарды (АСУ) колдонуу сынактан ийгиликтүү өткөнүн белгиледи. Кыргызстан КМШ мейкиндигинде шайлоо процессине АСУну киргизген жалгыз өлкө болуп саналарын белгилей кетүү маанилүү.

“Өлкөнүн парламентарийлеринин ишин колдоо жана натыйжалуулукту кыйла арттыруу үчүн 2015-жылы КР Президентинин жарлыгы менен шайлоо системасына тиешелүү жаңы мыйзам долбоорлорун жана процесстерин иштеп чыгуу жана түзүү иши жүктөлгөн Шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Ал жумушчу топ жарандык коом, эксперттик жамаат, саясий партиялар, мамлекеттик органдар ж.б. менен талкууларды ачык жана жигердүү жүргүзүүдө. Кызыкчылыгы бар ар кыл тараптардын сунуштарынын артыкчылык жана мүчүлүш жактарын эске алып, ар тараптуу талдоонун негизинде БШК шайлоо системасын мындан ары дагы реформалоо боюнча иш жүргүзүүгө даяр”, деп айтты БШК төрагасы.

КР БШКнын өнүгүүсүнүн азыркы этабындагы жетишкендиги эл аралык өнөктөштөрдүн шайлоонун бардык компоненттери боюнча активдүү жардамы менен мүмкүн болду. Мында БУУнун Өнүктүрүү долбоорунун, ЕККУнун, Европа Бирлигинин, Япониянын, Швейцариянын, Корея Республикасынын, Даниянын, Индиянын өкмөттөрүнүн жана KOICA, JICA, USAID, IFES сыяктуу эл аралык уюмдардын, ошондой эле башка бир катар уюмдардын колдоосу болду.

БШК төрагасы шайлоо системасын реформалоо боюнча көрсөткөн колдоолору үчүн донорлорго, эл аралык уюмдардын, элчиликтердин өкүлдөрүнө ыраазычылыгын айтты, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы сунуштарды кабыл алууга, кызматташууга даяр экенин билдирди. 

 

КР БШК басма сөз кызматы

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
12-Ноя, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Бүгүн, 12-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында Чүй, Базар-Коргон, Ала-Бука жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.• Чүй районунун Бурана айылдык кеңешинин депутаты Сейдекматова Айнура Орозобековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Отунчиева Нурбюбю Абдрахмановнага өткөрүлүп берилди;   • Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттары Мамануров Хасанбай Мамажанович, Юсупов Зайнобидин Абдумухтарович жана Масиров Тилек Алибаевичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Абдуллаев Ахмаджан Закиржанович, Собиржонов Бунёдбек Сотболдиевич жана  Шеркулов Исламбек Батырбековичке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;• Ала-Бука районунун Ала-Бука айылдык кеңешинин депутаты Кулбаева Зулайка Эшматовнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Ботобекова Гулина Рысбековнага өткөрүлүп берилди;   •Нарын районунун Миң-Булак айылдык кеңешинин депутаттары Мукамбетов Ишенбек Кадыракунович жана Муратбек уулу Жээнбектин ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Ыманакунов Атабек Турдакуновичке жана Талантбек уулу Арсенге өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди
12-Ноя, 2026

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 12-ноябрда “Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Орозалиев Кылыч Жанарбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, комиссиянын курамына резервден Джумагулов Каныбек Калыбекович, Зарнаева Назгуль Жакшылыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
Клара Сооронкулова Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
12-Ноя, 2026

Клара Сооронкулова Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 12-ноябрда,  Сооронкулова Клара Сыргакбековна  Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылуу бүгүн 2026-жылдын 12-ноябрында, саат 24:00дө аяктайт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 12-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
12-Ноя, 2026

КР БШКнын 2026-жылдын 12-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүлүүчү жери:  Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 503-кабат, жыйындар залы          Өткөрүү убактысы:  Саат 18:00        1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                                                              Баяндамачы: Алмазбеков Э. А. - шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жана методология секторунун башчысы   2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Чүй, Базар-Коргон, Ала-Бука жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                                             Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Адылов Бакытбек Адыловичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө                                             Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу              
Кененирээк билүү >>