Башкы Жаңылыктар КР БШК саясий партиялар жана талапкерлер тарабынан мөөнөттөн …

КР БШК саясий партиялар жана талапкерлер тарабынан мөөнөттөн мурда үгүт иштерин жүргүзүүгө жол берилбестиги тууралуу билдирди.

18-Окт, 2016

Бүгүн 18-октябрда БШКнын басма сөз борборунда КР БШК төрагасынын орун басары Бекматов Абдыжапар Гапыровичтин жана КР БШК мүчөсү Журабаева Гульнар Курашбековнанын маалымат жыйыны өткөрүлдү.

Өз сөзүндө КР БШК төрагасынын орун басары Бекматов А.Г. айылдык жана шаардык кеңештерге депутаттыкка талапкерлерди каттоо жол-жоболорунун негизги пункттарын белгиледи. Маселен, талапкерлерди көрсөтүү укугу шаардык кеңештерге - саясий партияларга, айылдык кеңештерге - саясий партияларга жана өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык. 21 жаш куракка толгон жарандар - жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү талапкер боло алат. Талапкерлер шаардык кеңештерге - шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күн мурда б.а. 31-октябрга чейин, айылдык кеңештерге - шайлоо күнүнө чейин 30 календардык күн мурда б.а. 11-ноябрга чейин көрсөтө алышат. Бүгүнкү күнгө карата эки партия - “Өнүгүү-Прогресс” жана ”Кыргызстандын жашылдар партиясы” өз ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттатышты.

Бекматов А.Г. ошондой эле, шаардык кеңешке талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар жана жарандар өзүн өзү көрсөткөн учурдан баштап, өзүнүн шайлоо кампаниясын каржылоо үчүн шайлоо фондусун түзөөрүн эске салды. Ош жана Бишкек шаарларынын кеңештерине партиялардан талапкерлер үчүн саясий партиялар шайлоо фондусунун каражаттарынан жумшай турган чыгымдарынын эң жогорку суммасы 150 000 эсептөө көрсөткүчүнөн (15 миллион сом) ашпоосу керек. Башка шаарларда бул  көрсөткүч 50 000ди (5 миллион сом) түзөт.

БШК талапкерлердин шайлоо фондуларынын атайын эсебин ачуу үчүн эки банкты - «РСК Банк» жана «Айыл Банк» мекемелерин аныктады. Бул банктарды тандоодо региондордогу талапкерлерге ыңгайлуу болсун үчүн ал банктардын жер-жерлерде кеңири тараган филиалдары бар экени негизги критерий болду.

КР БШК мүчөсү Журабаева Г.К. журналисттин суроосуна жооп беип жатып, өз сөзүндө БШК бүгүнкү күндө шайлоо менен референдумду (аны өткөрүү чечилсе) бир күндө өткөрүүгө даяр экенин, жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуш берүүдө жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү гана катыша аларын айтты.

Ошондой эле ал шайлоо алдындагы үгүттөөгө катышууну каалаган  ЖМКларды аккредитациялоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу эске салды. Шайлоо алдындагы үгүт иштери шаарларда добуш берүү күнүнөн бир ай мурда б.а 11-ноябрда башталса, айылдык кеңештерде добуш берүү күнүнөн 20 күн мурда б.а 21-ноябрда башталат.

Сөзүнүн аягында Гульнара Курашбековна жаңы мыйзамдарга ылайык саясий партиялар жана талапкерлер тарабынан мөөнөттөн мурда үгүт иштерин жүргүзүүгө жол берилбей турганын эскертти.

 

БШК басма сөз кызматы

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>