Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук …

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына КАЙРЫЛУУСУ

17-Окт, 2016

Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоопроцессинин катышуучулары!

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 10-октябрындагы № 213 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү  кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2016-жылдын 11-декабрына дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.

2016-жылдын 11-декабрында шайлоо 405 жергиликтүү кеңеште, анын ичинде 21 шаардык жана 384 айылдык кеңеште өтөт. Жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү жергиликтүү кеңештердин 7 349 депутатын шайламакчы. Ал үчүн 1314 шайлоо округу жана 1899 шайлоо участогу түзүлдү.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо ошондой эле автоматтык саноочу урналар (АСУ) колдонулат. Ал урналар бюллетендерди дүңүнөн салуу, бюллетендерди саноо учурунда так эместиктерге жол берүү мүмкүнчүлүгүн жок кылат.  АСУну колдонуу маалыматтарды участоктон Борбордук шайлоо комиссиясынын борбордук серверине түз жөнөтүүнү камсыздайт, бул добуш берүүнүн алдын-ала жыйынтыктарын ыкчам аныктоого өбөлгө түзөт.

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоочулар!

Бир катар кеңештерге шайлоо 2016-жылдын жазында өткөндүгүн, дагы бир катар кеңештерге шайлоо 2017-18-жылдарга өтөөрүн эске алганда, алдыдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого өлкөнүн жарандары болуп саналган жалпы саны 2 805 291 шайлоочунун 2 500 000ге жакын шайлоочусу катышат.

Шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналган, 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо укугуна ээ.

Шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары киргизилет.

Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар биометрикалык каттоону чогулткан пункттардын даректерине ылайык жашаган жери боюнча Мамлекеттик каттоо кызматтарынын органдарында бул процедурадан өтө алышат. Шайлоочуларды биометрикалык маалыматтар боюнча иденттештирүү башка шайлоочу үчүн добуш берүүнү жана шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоону четтетерин эске салабыз.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүн www.shailoo.srs.kg порталындагы шайлоочулардын тизмесинен текшере алышат. Мындан сырткары, шайлоо күнүнө чейин 45 календардык күн мурда б.а. 2016-жылдын 27-октябрына чейин шайлоо участокторунда шайлоочулардын тизмеси илинет,  ал жерде Сиз өзүңүз жөнүндө маалыматты тактай аласыз.

Кандай гана болбосун ката же так эместиктерди, ошондой эле өзүңүздүн шайлоочулардын тизмесинде жок экениңизди тапкан учурда, Сиз добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечикпестен б.а.  2016-жылдын 26-ноябрына чейин Сиздин жергиликтүү жамаатка таандык экениңизди бышыктоочу ID-картанын көчүрмөсүн тиркеп, тиешелүү участоктук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылууга укуктуусуз. Ушул арыз участоктук шайлоо комиссиясы тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кароо үчүн токтоосуз жиберилет.

 

Урматтуу жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын саясий партияларынын өкүлдөрү!

“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамга ылайык 21 жаш куракка толгон, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайлана алат.

“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамдын 49-беренесинин 2-пунктуна ылайык жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугу шаарлардын жергиликтүү кеңештерине - саясий партияларга, айылдык аймактын жергиликтүү кеңештерине - саясий партияларга жана өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык.

Саясий партиянын жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө чечими жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат. Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү саясий партиянын съездинде (конференциясында), региондук бөлүмүнүн чогулушунда (конференциясында) жүзөгө ашырылат. Башка саясий партиялардын мүчөлөрү болуп саналган адамдарды талапкер катары көрсөтүүгө саясий партиялардын укуктары жок.

Шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин түзүүдө саясий партиялар бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алууга милдеттүү экенин, мында саясий партиядан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинде аялдардын жана эркектердин кезегинин айырмасы эки позициядан ашпоого тийиш экенин саясий партиялар эске алуулары зарыл.

Өзүн көрсөтүү тартибинде айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерди көрсөтүү тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына талапкер болуп көрсөтүлүүгө ниеттенгендиги жөнүндө арыз берүү жолу менен жүргүзүлөт.

Жарандар айылдык кеңешке өзүң өзү көрсөткөн учурдан баштап, саясий партиялар айылдык кеңештерге талапкерлерди көрсөткөн учурдан баштап каттоо үчүн документтерди бергенге чейин шайлоо кампаниясын каржылоо үчүн шайлоо фонддорун түзүүгө укуктуу.

Шаардык кеңешке талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия өзүнүн шайлоо кампаниясын каржылоо үчүн саясий партиянын финансы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү шайлоо комиссиясы тарабынан катталгандан кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоо фондусун түзөт. Талапкерди, талапкерлердин тизмесин расмий каттодон баш тартуу учурунда шайлоо фондуна түшкөн каражаттар кайрымдуулукту ишке ашырган жана акча каражатын которгон уюмдарга жана адамдарга кайтарылып берилет.

Айылдык жана шаардык кенештерге саясий партиялар көрсөткөн талапкерлер өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзүүгө укуксуз экендигин эске салабыз.

Жергиликтүү кеңештерге талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партияларга жана талапкерлерге шайлоо фондун түзбөгөн учурда иштерге жана кызматтарга, шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзгөнгө, шайлоо алдындагы башка иш-чараларды ишке ашырууга төлөө үчүн акчалай каражаттарды пайдаланууга тыюу салынат.

Шаардык кеңештерге депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү жана аймактык шайлоо комиссиясына тиешелүү документтерди берүү шайлоо дайындалган күндөн баштап, добуш берүү күнүнө чейин 40 календардык күн мурда б.а. 2016-жылдын 31-октябрында саат 24.00гө чейин аяктайт.

Айылдык кеңештерге депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү жана аймактык шайлоо комиссиясына тиешелүү документтерди берүү шайлоо дайындалган күндөн баштап, добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн мурда б.а. 2016-жылдын 10-ноябрында саат 24.00гө чейин аяктайт.

 

Шаардык кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн мурда б.а. 2016-жылдын 10-ноябрына чейин аяктарын эске салабыз.

Айылдык кеңештерге депутаттыкка талапкерлерди каттоо добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күн мурда б.а. 2016-жылдын 20-ноябрына чейин аяктайт.

Талапкерлерди каттоодо талапкерлерге жана саясий партияларга көмөк көрсөтүү тартибинде, КР БШКнын расмий сайтында талапкерлерге карата талаптар жөнүндө арыздардын жана эскертменин формалары жайгаштырылган. Шайлоо кампаниясын каржылоонун эрежелерин сактоо үчүн БШКнын сайтында тийиштүү нускамалар жана жоболор бар.

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууну пландаштырып жаткан жалпыга маалымдоо каражаттары шайлоо дайындоо тууралуу чечим жарыяланган күндөн тарта 10 календардык күндөн кечиктирбей, б.а. 2016-жылдын 22–октябрына чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында обо убактысы, басма аянттарына акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттар туурасындагы маалыматтарды жарыялоого тийиш.

Басылма ЖМКда жарыяланган обо убактысы, басма аянттарына акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттар туурасындагы маалыматтар коштоочу кат менен кошо Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш. 

Кат түрүндөгү суроо-талап келип түшкөндөн кийин, жогорудагы ченемдерди 2016-жылдын 22–октябрына чейин аткарган жалпыга маалымдоо каражаттары Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан 2016-жылдагы жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо шайлоо алдында үгүттөө иштерин жүргүзүү үчүн аккредитацияланат.

Мында Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо мыйзамдарын бузган учурларда жалпыга маалымдоо каражатынын аккредитациясын кайра чакырып алууга укуктуу.

Шайлоо алдында үгүттөө иштери шаардык кеңештерде шаардык кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттагандан кийин б.а. 2016-жылдын 11-ноябрынан баштап, айылдык кеңештерде айылдык кеңештерге депутаттыкка талапкерлерди каттагандан кийин б.а. 2016-жылдын 21-ноябрынан баштап жүргүзүлөрүн жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда б.а. 2016-жылдын 10-декабрына чейин аяктарын эске салабыз.

Бул шайлоонун өзгөчөлүгүн эске алганда, региондук ЖМКлардын ролу жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочуларга маалымат берүүгө жана үгүт иштерине катышуусу абдан маанилүү.

Борбордук шайлоо комиссиясы региондук ЖМКларды маалымдоо кампаниясына активдүү катышууга чакырат жана өз кезегинде шайлоо кампаниясынын жүрүшү, шайлоо мыйзамдары жана шайлоо комиссияларынын иш-аракеттери тууралуу бүт зарыл маалыматтарды берип турууга даяр.

Шайлоону маалыматтык жактан чагылдырууну жакшыртуу макстында КР БШК республикалык жана региондук жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн семинар өткөрөт.  

Урматтуу аймактык жана участоктук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү!

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү процессинде, айрыкча шайлоо системасын реформалоо алкагында аймактык жана участоктук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жергиликтүү деңгээлде маанилүү роль таандык. Калктын бүт шайлоо процессине ишеним деңгээли кыйла даражада сиздердин аракетиңиздерге жараша болот.

Сиздер шайлоону мыйзамдуу, адилет жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыздоо менен шайлоочулар алдындагы өз озуйпаңыздарды татыктуу аткарарыңарга ишенебиз!

Шайлоодо аймактык шайлоо комиссияларына өзгөчө жоопкерчилик жүктөлгөн, алар шаардык жана айылдык кеңештерге депутаттыкка талапкерлерди аймактык шайлоо комиссиясында каттоо процессинен баштап, жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыктарын аныктап, шайлоочулар менен эле эмес, ошондой эле талапкерлер жана саясий партиялар менен дагы түздөн-түз иштерди уюштурушу керек. Бул процессте шайлоонун бардык катышуучуларына бейтарап жана тең мамиле жасоону камсыздоо башкы талап болууга тийиш.

Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн аймактык шайлоо комиссиялары добуш берүү күнүнө чейин 50 календарлык күндөн кечиктирбестен б.а. 2016-жылдын 22-октябрына чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын иштеп чыгып, аларды бекитүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына киргизишерин эске салабыз.

Шайлоочулар үчүн жогорку деңгээлдеги ыңгайлуулуктарды түзүү максатында  Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык добуш берүүнү өткөрүү жана добуштарды саноо үчүн шайлоо участоктору жергиликтүү жана башка шарттарды эске алуу менен түзүлүшү керек.

Ошондой эле, шайлоо участоктору тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күндөн кечиктирбестен б.а. 2016-жылдын 27-октябрына чейин ар бир участокко 2500дөн ашык эмес шайлоочу туура келгендей эсеп менен түзүлөрүн эске салабыз. Шайлоо округдарынын чек аралары участоктордун чек аралары менен кесилишүүсүнө жол берилбөөгө тийиш.

Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо процессинин катышуучулары!

Кыргыз Республикасында эркин, атаандаш жана адилет шайлоонун жалпы таанымал эл аралык стандарттарына ылайык келген, шайлоо процессинин ачык–айкындуулугун жана адилеттүүлүгүн камсыз кылган мыйзамдык жана практикалык механизмдер калыптанып, өнүгүүдө.

 Жергиликтүү кеңештерге шайлоого тиешелүү келип чыккан бардык маселелер боюнча Сиз шайлоо комиссияларына жана Борбордук шайлоо комиссиясынын Бишкек жана Ош шаарларында уюштурулуучу коомдук кабылдамаларына кайрылсаңыз болот.

Алдыдагы шайлоону мыйзамдарга ылайык өткөрүү максатында Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун бардык катышуучуларынан шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин бекем сактоону, шайлоо процессинин башка катышуучулары менен өз ара аракеттенүүдө өз ара урматтоону жана сабырдуулукту көрсөтүүнү өтүнөт.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы өзү тарабынан шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн ачык жана айкындуулукту камсыздайт жана шайлоонун укуктук негизде, тынч, туруктуу атмосферада өтүшү үчүн мүмкүн болушунча чоң күч-аракетин жумшайт жана өлкөбүздүн жарандарынын шайлоо укуктарын толук жүзөгө ашыруу үчүн бардык зарыл шарттарды түзөт. 

 

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
21-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет

Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаевдин жетекчилиги астында Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү.Жыйындын жүрүшүндө социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн жана шарттарын сактоо талаптарына каршы келүү белгилери бар материалдар аныкталып, каралды.Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеевдерге эскертүү берилип, билдирүүлөрүн өчүрүү милдеттендирилди. Аталган жарандар мындан ары мыйзамдардын талаптарын сактоого жана ушул сыяктуу бузууларга жол бербөөгө даяр экендиктерин билдиришти.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин жүргүзүүгө тыюу салынарын дагы бир жолу эскертет. Бул талап шайлоо алдындагы үгүттүн мыйзамдарда каралган бардык формаларына жана ыкмаларына, анын ичинде социалдык тармактарда жана башка интернет-ресурстарда тиешелүү материалдарды жайгаштырууга жана таратууга да тиешелүү.БШК жарандарды, талапкерлерди, алардын өкүлдөрүн, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин шайлоо алдындагы үгүт катары бааланышы мүмкүн болгон аракеттерден оолак болууга, ошондой эле социалдык тармактарда маалыматтарды жайгаштырууда жана таратууда жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.Жумушчу топ өз ыйгарым укуктарынын чегинде социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнү жана шайлоо мыйзамдарынын мүмкүн болгон бузуулары тууралуу материалдарды кароону улантат.Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн жана эрежелерин сактоо шайлоо процессинин катышуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун, мыйзамдуулукту жана шайлоонун ачык-айкындуулугун сактоонун маанилүү шарты болуп саналат. 
Кененирээк билүү >>
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19-Окт, 2026

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү

2026-жылдын 15, 16 жана 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүштү. Тренингдердин негизги максаты – жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана тиешелүү адистердин компетенцияларын өнүктүрүү.  Окутуу программасы жалпы шайлоо укугунун негизги принциптеринен тартып, жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруунун практикалык маселелерине чейинки темаларды камтыды. Тренингдерге жалпысынан 225 адам катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, ошондой эле Баткен, Ош жана Манас шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү болушту. Теориялык жана практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди кеңири талкуулашты:-        жалпы шайлоо укугу жана шайлоо укугун чектөөгө байланышкан маселелер, анын ичинде жарандардын айрым категорияларына тиешелүү жагдайлар;-        жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоодо шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;-        шайлоо комиссияларынын электрондук порталдары жана шайлоо процесстерин санариптик форматта уюштуруу;-        жарандардын айрым категорияларын маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби;-        шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу тартиби жана добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо.Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын укуктарын коргоо механизмдерине, шайлоо процессине тоскоолдуксуз катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Өткөрүлгөн тренингдер мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо процессине толук кандуу катышуусуна өбөлгө түзүүгө багытталды
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйында мыйзамда белгиленген үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүттөөгө байланышкан мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Атап айтканда, социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды.Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовдорго эскертүү берилди. Жогорудагы жарандар Жумушчу топ тарабынан айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришти. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.
Кененирээк билүү >>