Башкы Жаңылыктар БШК Мамкаттоо кызматы менен кызматташуу жөнүндө убактылуу жобого …

БШК Мамкаттоо кызматы менен кызматташуу жөнүндө убактылуу жобого өзгөртүүлөрдү киргизди

11-Окт, 2016

Бүгүн 25-октябрда Борбордук  шайлоо комиссиясы өз жыйынында бир топ шаарлардын, райондордун шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын бекитти. БШКа Бишкек шаарынын; Баткен облусунун  Баткен шаардык, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Баткен, Кадамжай жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын; Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад, Кара-Көл, Таш-Көмүр,  Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокат, Сузак, Токтогул, Тогуз-Торо жана Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын; Нарын облусунун Нарын шаардык, Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын; Ош облусунун Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын; Талас облусунун Талас шаардык, Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын; Чүй облусунун Аламүдүн, Жайыл, Кемин, Москва, Панфилов, Сокулук, Чүй жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын; Ысык-Көл облусунун Ак-Суу,  Жети-Өгүз, Тоң, Түп жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери аркылуу берилген сунуштарынын негизинде тиешелүү шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын бекитти.

  Мындан сырткары, БШК мүчөлөрү «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө» Убактылуу жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу маселени кеңири талкуулап, чечим кабыл алды:

 Жыйындан кийин БШК төрагасынын орун басары А.Г.Бекматов жана  БШКнын мүчөсү Г.К.  Журабаева Борбордук  шайлоо комиссиясы басма сөз борборунда маалымат жыйынын өткөрүшүп, учурда шайлоо кампаниясынын жүрүшү жөнүндө айтып беришти.

БШК басма сөз кызматы

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Клара Сооронкулова Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
12-Ноя, 2026

Клара Сооронкулова Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 12-ноябрда,  Сооронкулова Клара Сыргакбековна  Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылуу бүгүн 2026-жылдын 12-ноябрында, саат 24:00дө аяктайт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 12-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
12-Ноя, 2026

КР БШКнын 2026-жылдын 12-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүлүүчү жери:  Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 503-кабат, жыйындар залы          Өткөрүү убактысы:  Саат 18:00        1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                                                              Баяндамачы: Алмазбеков Э. А. - шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жана методология секторунун башчысы   2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Чүй, Базар-Коргон, Ала-Бука жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                                             Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Адылов Бакытбек Адыловичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө                                             Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу              
Кененирээк билүү >>
Мамбетжунус Абылов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
12-Ноя, 2026

Мамбетжунус Абылов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 12-ноябрда, Абылов Мамбетжунус Абылович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылуу бүгүн 2026-жылдын 12-ноябрында, саат 24:00дө аяктайт.
Кененирээк билүү >>
Айба Амур КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды
11-Ноя, 2026

Айба Амур КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды

Бүгүн, 11-ноябрда, Амур Айба Медер Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>