Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандаты Б.С.Ибраимжановго берилди
28 июля 2016
Бүгүн 2016-жылдын 28-июлунда КР БШК отуруму өттү, анда бош калган депутаттык мандатты “Республика-Ата-Журт” саясий партиясынан КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин тизмеси боюнча кезекте турган Ибраимжанов Болотбек Сапарбаевичке өткөрүп берүү жөнүндө токтом кабыл алынды.
Ошондой эде отурумдун жүрүшүндө 2016-жылдын 21-июлунда өткөн Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыктары жана добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилди. КСДП партиясынан көрсөтүлгөн Еркеев Ильяз Марсович
Кара-Көл шаарынын мэри болуп шайланган.
КР БШК мүчөлөрү Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кум-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен 2016-жылдын 11-августуна кайталап шайлоону дайындашты.
Дайындалган Кум-Бел жана Байтик айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо талапкерлер жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын керектүү добуштарын албай калышкандыктардан улам өтпөй калган.
Ошондой эле, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын бош турган мандаттарын берүү жана каттоо жөнүндө айрым аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери бекитилди, атап айтканда Аксы, Токтогул райондору, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаары, Нарын облсунун Нарын шаары, Чүй облусунун Сокулук району: Дастанбек Абдыкуловго, Эрмек Нуржановго, Асанбек Момунбековго, Алмазбек Жаманкуловго, Шаймерден Мураталиевге.
Отрумуда БШК мүчөлөрү окутуу модулдарын жана шайлоо материалдарын иштеп чыгуу боюнча Жумушчу топту түзүү жөнүндө чечим кабыл алышты. Жумушчу топтун курамына КР БШК төрагасынын орун басарлары жана КР БШК мүчөлөрү Джурабаева Г.К., Кадыров Б.С., Арипов Н.Т., жана КР БШКнын аппаратынын мүчөлөрү киришти.
КР БШК Басма сөз кызматы
