Кыргыз Республикасынын делегациясы Корея Республикасынын Улуттук чогулушунун депутаттарынын 20-шайлоосуна байкоочу катары катышты

21 апреля 2016

Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү Корея Республикасынын Улуттук чогулушунун депутаттарынын 20-шайлоосуна байкоочу катары катышты.

Делегациянын курамына Жогорку Кеӊештин депутаты Иса Омүркулов,  Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеӊештин Регламенти боюнча комитетитинин секторунун башчысы Шабданбек Алишев жана БШКнын аппарат жетекчисинин орун басары Айбек Жолбунов кирди.

Шайлоого чейин 12-апрелде Кыргызстандан барган делегаттар 2016-жылдагы шайлоо системаларды өркүндөтүү боюнча Сеулдук эл аралык форумга катышты. Форумдун алкагында Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясынын башкы секретары (A-WEB) 2015-жылдагы жаӊы маалыматтык-коммуникациялык технологиялар колдонулган Кыргыз Республикасында өткөн парламенттик шайлоосуна өзгөчө көӊүл бурду. Башкы секретарь маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонунуунун натыйжасында Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоосу таза жана адилеттүү өткөрүлгөндүгүн белгиледи.

Форумдун жүрүшүндө БШКнын аппарат жетекчисинин орун басары Айбек Джолбунов өзүнүн баяндамасында 2015-жылдын 4-октябрындагы парламенттик жана 2016-жылдын 27-мартындагы айрым жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоодо маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуунун оӊ тажрыйбасын айтып өттү.

Шайлоо күнү, 13-апрелде Кыргызстандан делегациясынын мүчөлөрү Сеул шаарындагы шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүздү.

Улуттук чогулуштун депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгын чыгарып жатып, делегаттар шайлоо жогорку деӊгээлде жана атаандаштыкта өткөндүгүн белгилешти.