Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефендум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий төгүндөөсү

12 апреля 2016

Бүгүн 12-апрелде “АкиПресс” МАда “Члены ЦИК не пришли на круглый стол по подкупу голосов, потому что им дали указание не участвовать, - Д.Ошурахунова” аталышындагы макала жарыяланган.

КР БШКсы, Динара Ошурахунованын 12-апрелде өткөрүлгөн “Добушту сатып алуу Кыргызстандын келечегине коркунуч” тегерек столго БШКнын мүчөлөрү тиешелүү буйрук берилгендигине байланыштуу, келбегендиги тууралуу  сөздөрүн четке кагат.

Уюштуруучулардан бул иш-чарага чакыруу каты БШКнын жетекчилигине гана даректелген.

КР БШКнын төрагасынын орун басарынын бири тегерек столдун ишине катышкан. Төраганын башка орун басары тегерек стол өтүп жатканда расмий чакыруу телефонограмма келгендигине байланыштуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин отурумуна катышкан.

БШКнын мүчөлөрү расмий кагаз түрүндө бул иш-чарага чакыруу кат алышкан эмес.