Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө чыгымдардын сметасы жана иш-чаралар тууралуу календарлык планы бекитилди

04 апреля 2016

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону  өткөрүүгө чыгымдардын сметасы жана иш-чаралар тууралуу календарлык планы бекитилди

Бугун, 2016-жылдын 4-апрелинде БШКнын отурумунда Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы жана иш-чаралар тууралуу календарлык планы бекитилди. Шайлоо 2016-жылдын 15-майында өтөт.

Ошол эле отурумда Ысык-Көл облусунун  Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2016-жылдын 22-апрелине белгиленди. Айыл өкмөтүнүн башчысы өзүнүн берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.