Башкы Жаңылыктар КР БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов брифинги өткөрүлдү

КР БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов брифинги өткөрүлдү

27-Мар, 2016

Бүгүн, 27-мартта айрым айылдык жана шаардык кеңештеринин депутаттарын кезектеги жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо  өтүп жатат.

Шайлоо 6 шаарда жана 21 айылда өтүп жатат. Шайлоого 24 саясий партия катышууда.

Шайлоочулардын катышуусу азыркы саатка карата: Чүй облусу – 9.68%, Ысык-Көл облусу – 7.73%, Жалал-Абад облусу – 11.37%, Нарын облусу – 10.77%, Баткен облусу – 10.78%, Ош облусу - 5.6% жана Ош шаары -12.62% түздү.

“Жалпысынан шайлоо штаттык абалда өтүп жатат, Ош шаары боюнча кээ бир мүчүлүштүктөр болду, шайлоочуларды идентификациялоо аппараты бузулуп, ошондуктан элдер бир жарым саат күтүп калыптыр, бирок кийинчирээк бул мүчүлүштүктөр жокко чыгарылды”,  - деп БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов брифингде белгиледи.

Төрага өз сөзүндө, эл аралык тажырыйбада жергиликтүү деңгээлдеги шайлоолорду уюштуруу  президенттик же парламенттик  шайлоону уюштурууга салыштырмалуу татаал деп эсептелинет.

“Бул шайлоого 56 ар түрдүү бюллетень басылып чыгарылды. Айрым участкаларда бюллетендин узундугу 70 см.ге чейин жетти, мисалы, Милянфан айылында 11 мандатка 91 талапкер катталган”, деп төрага белгилеп кетти. 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын 2026-жылдын 12-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
12-Ноя, 2026

КР БШКнын 2026-жылдын 12-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүлүүчү жери:  Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 503-кабат, жыйындар залы          Өткөрүү убактысы:  Саат 18:00        1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                                                              Баяндамачы: Алмазбеков Э. А. - шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жана методология секторунун башчысы   2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Чүй, Базар-Коргон, Ала-Бука жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                                             Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Адылов Бакытбек Адыловичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө                                             Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу              
Кененирээк билүү >>
Мамбетжунус Абылов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
12-Ноя, 2026

Мамбетжунус Абылов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 12-ноябрда, Абылов Мамбетжунус Абылович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылуу бүгүн 2026-жылдын 12-ноябрында, саат 24:00дө аяктайт.
Кененирээк билүү >>
Айба Амур КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды
11-Ноя, 2026

Айба Амур КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды

Бүгүн, 11-ноябрда, Амур Айба Медер Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Бакытбек Адылов КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды
11-Ноя, 2026

Бакытбек Адылов КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды

Бүгүн, 11-ноябрда, Адылов Бакытбек Адылович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>