БШКнын делегациясы Казахстандын Мажилис парламентине депутаттарды шайлоого байкоочу катары катышты
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Казахстандын Мажилис парламентине депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоого эл аралык байкоочу катары 17 киши жөнөттү. Шайлоо бугун, 20 мартта өтүп жатат.
Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ), Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташтык боюнча (ТМКК), Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетинин Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына түшкөн чакыруусунун негизинде делегация түзүлдү.
Делегациянын курамына БШКнын мүчөлөрү, АШКнын мүчөлөрү жана Казакстандагы Кыргыз Рсепубликасынын элчилигинин өкүлдөрү кирет.
Байкоочулар Астана, Алматы, Тараз жана Шымкент шаарларында өз миссиясын жүзөгө ашырат.

