Башкы Жаңылыктар 2016-жылдын 27-мартында өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого …

2016-жылдын 27-мартында өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого партиялар жана талапкерлер көрсөтүлдү

09-Мар, 2016

2016-жылдын 27-мартында кезектеги жана мөөнөтүнөн мурда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өткөрүлөт.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күн калганда аяктайт, ошол эле убакта айылдык кеңещтердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо күнүнө чейин 30 календардык күн калганда аяктайт.    

Айылдык аймактык жергиликтүү кеңештерине талапкерлерди көрсөтүү укугу – саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен.

Айылдык кеңештерге Баткен облусу боюнча жалпысынан 105 талапкер көрсөтүлдү, Жалал-Абад облусу боюнча – 76 талапкер, Ош облусу боюнча – 49 талапкер, Ысык-Көл облусу боюнча – 35 талапкер, Чуй облусу боюнча – 200 талапкер, Нарын облусу боюнча – 433 талапкер.

Аймактык шайлоо комиссиялар шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого катыша турган төмөнкү партияларды каттады:

Майлуу-Суу шаары

«Эмгек» СП, «КСДП», «Өнүгүү-Прогресс» СП, «Республика – Ата-Журт» СП, «Ата-Мекен» СП.

Токмок шаары

«Эмгек» СП, «ЭлАман» СП, «Республика – Ата-Журт» СП,  «Ата-Мекен» СП, «СДПК», «Замандаш» СП, «Кыргызстан» СП, «Демократ» СП, «Партия справедливости и развития (ПСР) «АК»,  «Онугуу-Прогресс» СП, «Бир-Бол» СП.

Каракол шаары

«Табылга» СП, «СДПК», «Улуу-Кыргызстан» СП, «Республика – Ата-Журт» СП, «Ата-Мекен»СП,« Эмгек» СП,   “Кыргызстан» СП, «Мекен Ынтымагы» СП, «Бир-Бол» СП, «Партия зеленых Кыргызстана» СП, «Онугуу-Прогресс» СП, «Аалам партия беспартийных» СП, «Мурас» СП.

Балыкчы шаары

«Замандаш» СП, «СДПК» СП,  «Кыргызстан» СП, «Республика – Ата-Журт» СП,   «Аалам партия беспартийных» СП, «Онугуу-Прогресс» СП, «7-апрель Жаштар кыймылы» СП, «Ата-Мекен» СП, «Конгресс народов Кыргызстана» СП,  «Улуу-Кыргызстан» СП, «Мекен Ынтымагы» СП, «Бир-Бол» СП, «Эмгек» СП,  «Коммунистическая партия Кыргызстана» СП.

Кемин шаары   

«Бир-Бол» СП, «Кыргызстан» СП, «Улуу-Кыргызстан» СП, «СДПК», Эмгек» СП, «Онугуу-Прогресс» СП,  дыйкандар, фермеров «Баба-Дыйкан» СП, «Республика – Ата-Журт» СП, «Замандаш» СП, «Ата-Мекен» СП.

Ош шаары

«Бир-Бол» СП, «Куч биримдикте» СП, «Онугуу-Прогресс» СП,  «Демократ» СП, «Республика – Ата-Журт» СП, «Кыргызстан» СП, «Ата-Мекен» СП, «Ата-Журт» СП, «Мекеним Кыргызстан» СП, «Коммунистическая партия Кыргызстана», «СДПК», «Эмгек» СП, «Аалам партия беспартийных» СП.

КРнын БШК Басма сөз кызматы

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын 2026-жылдын 12-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
12-Ноя, 2026

КР БШКнын 2026-жылдын 12-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүлүүчү жери:  Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 503-кабат, жыйындар залы          Өткөрүү убактысы:  Саат 18:00        1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                                                              Баяндамачы: Алмазбеков Э. А. - шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жана методология секторунун башчысы   2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Чүй, Базар-Коргон, Ала-Бука жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                                             Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Адылов Бакытбек Адыловичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө                                             Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу              
Кененирээк билүү >>
Мамбетжунус Абылов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
12-Ноя, 2026

Мамбетжунус Абылов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 12-ноябрда, Абылов Мамбетжунус Абылович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылуу бүгүн 2026-жылдын 12-ноябрында, саат 24:00дө аяктайт.
Кененирээк билүү >>
Айба Амур КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды
11-Ноя, 2026

Айба Амур КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды

Бүгүн, 11-ноябрда, Амур Айба Медер Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Бакытбек Адылов КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды
11-Ноя, 2026

Бакытбек Адылов КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды

Бүгүн, 11-ноябрда, Адылов Бакытбек Адылович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>