Башкы Жаңылыктар БШК бардыгы болуп 850 эл аралык байкоочуну аккредитациялады

БШК бардыгы болуп 850 эл аралык байкоочуну аккредитациялады

09-Окт, 2010

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу үчүн эл аралык байкоочуларды аккредитациялоонун мөөнөтүнүн аяктоо күнүнө карата бардыгы болуп, Борбордук шайлоо комиссиясы 52 өлкөдөн 32 уюмдун өкүлүн эл аралык байкоочу катары 850 адамды аккредитациялады. 

Кыргызстанга байкоочулардын көпчүлүк санын жөнөткөндөр: СIS-EMO – 264 байкоочу, ЕККУ/ДИАУБ -257 байкоочу, КМШ – 81, ЕНЕМО- 40, АКШ Элчилиги -39. Бирден байкоочуну жөнөткөндөр төмөнкүлөр болду: ЕврАзЭСтин Парламенттер

аралык Ассамблеясы, Грузия Республикасынын БШКсы, “Евразия клубу” бейөкмөт уюму (Токио), Норвегия Хельсинки комитети жана Индонезия Элчилиги.

Башка уюмдардан төмөнкүдөй сандагы эл аралык байкоочулар сунушталды:

КМШ катышуучу – мамлекеттердин эл аралык Ассамблеясы – 28;

“EIectrons&Democracy” Эл аралык ассоциациясы – 25;

Астана шаарындагы Бразилия Федеративдүү Республикасынын Элчилиги – 2;

Казакстан Республикасындагы Улуу Британиянын Элчилиги – 4;

Ош шаарындагы Россиянын Башкы консулдугу – 2;

Эл аралык Республикалык Институту (IRI) -4;

Казакстан Республикасынын БШКсы – 2;

IFES – 4;

Польша Республикасынын Элчилиги – 3;

Ислам Конференциясы Уюму -7;

Түрк тилдүү Мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясы – 6;

“Кенесары Хан” Коомдук фонду – 4;

Кыргыз Республикасындагы Корея Республикасынын Элчилиги – 2;

ШКУ Миссиясынан байкоочулар – 11;

Кыргыз Республикасындагы Япония Элчилиги – 6;

Иран Ислам Республикасынын Элчилиги -6;

Эл аралык мамилелердин Улуттук Демократиялык Институту (NDI) – 16;

Европа парламенти – 11;

ОБСЕ Ассамблеясынын Парламенти – 9;

Азия жана Африка элдеринин тилектештигинин Россия Коомчулугу – 4;

Кыргыз Республикасындагы Европа бирлигинин өкүлчүлүгү – 6;

Бишкектеги ОБСЕнин Борбору – 2.

Дүйнө мамлекеттери боюнча эл аралык байкоочулардын саны төмөнкү таблицада келтирилди:

 

 

№ к.н.

Мамлекет 

Байкоочулардын саны

1

РФ

354

2

Казакстан

79

3

Германия

43

4

Македония

2

5

АКШ

81

6

Франция

16

7

Италия

9

8

Грузия

8

9

Тажикстан

6

10

Молдова

3

11

Дания

15

12

Финляндия

7

13

Канада

3

14

Швейцария

7

15

Голландия

5

16

Норвегия

7

17

Австрия

7

18

Улуу Британия

38

19

Польша

6

20

Өзбекстан

3

21

Түркия

11

22

Азербайжан

13

23

Беларусь

10

24

Түркмөнстан

2

25

Армения

10

26

Украина

10

27

Швеция

12

28

Бразилия

1

29

Сербия

5

30

Румыния

4

31

Словения

2

32

Сауд Аравиясы

4

33

Тунис

1

34

Судан

1

35

Испания

9

36

Ирландия

2

37

Эстония

1

38

Албания

2

39

Хорватия

3

40

Словакия

2

41

Черногория

1

42

Босния и Герцеговина

7

43

Литва

2

44

Япония

13

45

Исландия

2

46

КЭР

4

47

Корея

2

48

Бельгия

4

49

Латвия

3

50

Иран

6

51

Чехия

1

52

Индонезия

1

 

Бардыгы:

850

 

 

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
11-Ноя, 2026

КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 11-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:-    Жапыкеев Сыймык Асылбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы маселелери боюнча Н.К. Сапарбаева;-    Жапаров Садыр Нургожоевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча А.С. Мощин жана каржы маселелери боюнча А.Б. Тологонова;-    Калмаматов Бактыбек Орозалиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча А.Ж. Жээнтаев жана каржы маселелери боюнча А.А. Камчибеков.Белгилей кетсек, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо комиссияларынын добуш берүүнү уюштуруу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди
11-Ноя, 2026

КР БШКсы шайлоо комиссияларынын добуш берүүнү уюштуруу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди

Бүгүн, 11-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссияларынын добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 139 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Жободо бир шайлоо округунун чегинде шайлоочунун өз шайлоо участогунан тышкары аралыктан добуш берүүсүнө карата чектөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого гана тиешелүү экени такталат. Бул чектөө бирдиктүү шайлоо округунун чегинде өткөрүлүүчү Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого жайылтылбайт.Мындан тышкары, айрым терминдерди тактоо жана шайлоо комиссияларынын иш жүзүндөгү уюштуруу түзүмүнө шайкеш келтирүү сунушталууда. Тактап айтканда, “тутумдук” деген сөздү “системалык” деген сөзгө, ал эми акыркы абзацтагы “округдук шайлоо комиссиясы” деген сөз айкашын “аймактык шайлоо комиссиясы” деген сөз айкашына алмаштыруу каралган.Бул өзгөртүүлөр системалык администраторлордун ишин уюштуруу тартибин тактоого жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө электрондук протоколдорду басып чыгаруу жана тиешелүү шайлоо комиссиясынын төрагасына өткөрүп берүү жол-жобосун колдонуудагы уюштуруу түзүмүнө ылайык келтирүүгө багытталган.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 11-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
11-Ноя, 2026

КР БШКнын 2026-жылдын 11-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүлүүчү жери:  Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 503-кабат, жыйындар залы          Өткөрүү убактысы:  Саат 11:00                                        1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 139 “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссияларынын добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                                                              Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы       2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Жапыкеев Сыймык Асылбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө                                             Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу                   3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө                                             Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу              
Кененирээк билүү >>
Бактыбек Калмаматов КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды
11-Ноя, 2026

Бактыбек Калмаматов КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды

Бүгүн, 11-ноябрда, Калмаматов Бактыбек Орозалиевич Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>