Автоматтык эсептөөчү урналарды колдонуу жана мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр туралуу тренингдер аяктады
05 марта 2016
24-февралдан 4-мартка чейин Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан «Автоматтык эсептөөчү урналарды колдонуу» жана «жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоо мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр» аталышында тренингдер өткөрүлдү.
Атайын өкүлдөр жана системдик администраторлор шаарлардагы 6 жана райондордогу 13 аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларында тренингдерди өткөрүп жатышат.
Бул тренингдер 2016-жылдын 27-мартына дайындалган жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоосунун негизинде пландаштырылган иш тартибинин негизги уюштуруучулук-практикалык иш-чаралар планына ылайык жүргүзүлөт.
Окутуу Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен жүзөгө ашырылат.
БШК басма сөз кызматы
