Бишкек шаарынын мэри расмий түрдө милдетин аткара баштады

01 марта 2016

Бүгүн, 1-мартта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын отурумунда Бишкек аймактык шайлоо комиссиянын төрагасы Кайрат Маматов Бишкек шаарынын мэринин күбөлүгүн Албек Ибраимовго тапшырды.

Ошондой эле, БШК мүчөлөрү 2016-жылдын 26-февралында өткөрүлгөн Ош облусунун Алай районунун Корул айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйнтыктарын бекитишти.  

Баткен облусунун Лейлек районунун Сумбул, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач жана Ысык-Көл облусунун Түп районунун Санташ айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2016-жылдын 18-мартына дайындалды жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.

Отурумда Кыргыз Республикасынын Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо, шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн көрсөтүлгөн жалпыга маалымдоо каражаттары аккредитацияланды.