Эртең Бишкек шаарынын мэрин шайлоо өткөрүлөт

26 февраля 2016

Эртең, 27-февралда саат 10.00дө Бишкек шаарынын мэрин шайлоосу өткөрүлөт.

20-февралда Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы КСДП саясий партиясынан көрсөтүлгөн Ибраимов Албек Сабирбековичти Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер катары каттаган. А. Ибраимов, бул кызматка көрсөтүлгөн жалгыз талапкер. Ошону менен бирге, бюллетенде “талапкерге каршы” деген графа бар болгондуктан бул шайлоодо тандоого мүмкүнчүлүк бар.